www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жараны Россиядан Кыргызстанга мышыкты өткөрүүгө уруксат документтерин колдонуп, 35 жылкыны алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Алтай аймагынын чек ара аймактарында КамАЗ кармалган. Аталган унаанын ичинде 35 жылкы болгон. 

Кыргызстандык Москва районунан Кыргыз Республикасына мал алып бара жатканын полиция кызматкерлерине маалымдаган. Документтерди текшерүү учурунда, алгач адистер тирүү жүккө сертификаттар бир катар мыйзам бузуулар менен берилгенин байкап, андан кийин документтер жасалма экендигин аныкташкан. Аталган документтин формалары үй мышыгын Москва облусунан Беларуссияга жеткирүү үчүн берилгени аныкталган.

Мыйзамды бузган адамга айып пул салынып, документтерди жасалмалоо боюнча маалымат ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда жылкылар облустук ветеринардык кызматтын көзөмөлүндө карантинге алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости