www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда балдар жана жаштар үчүн эң ыңгайлуу шаар аныкталып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ Бишкекте вице-премьер Эльвира Сурабалдиеванын төрагалыгы астында сынак комиссиясынын отуруму өткөн. Ал Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында сынак өткөрүү символикалык мааниге ээ экенин белгилеген.
"Сынактын баалоо индикаторлору катары жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусу, алардын эс алуусу, маданияты жана өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, коопсуздук маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана турмуштук оор жагдайда турган үй-бүлөлөргө жардам берүүсү саналат. Пандемия шартында аймактардагы балдардын жана жаштардын билим алуу жана саламаттыгын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат", — деген Сурабалдиева.
Жалпысынан сынакка 2018-2022-жылдар мезгилине өлкөнүн региондук саясатынын концепциясында "өсүү түйүндөрү" деп белгиленген 18 шаар катышып жатат. Алар Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана.
Сынактык комиссиянын комплекстүү баалоосунун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар ыйгарылат:
Ошондой эле жогорку упай алган 10 шаарга "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамы берилет.
Сынак өкмөттүн демилгеси менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан, Улуттук стратегиялык изилдөө институту (NISS), ошондой эле БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана коомдук уюмдар менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Демилге БУУнун Тынчтык куруу фонду жана Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан каржыланат.
Булак: NazarNews.kg