www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 1989-жылы туулган С.Б аттуу жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Териштирүү учурунда анын криминалдык чөйрөдө «Дженго» каймана аты менен таанылган К.Досоновдун жакын адамдарынын бири экендиги аныкталды.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда, баңги зат жыттанган желим баштык табылган. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын экспертизасынын жыйынтыгында табылган заттын героин экендиги аныкталды.

Кармалган адам УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча СИЗОсуна киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости