www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Исхак Масалиев сакалы бар аксакалдардын талапкерлерге кошомат кылып, алакан жайып батасын ар кимге бере берээрин өзүнүн “Фейсбук” социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Исхак Масалиевдин айтымына боюнча, сакалдуу эле адамдар бүтүндөй калктын атын жамынып бир тиштем нан, бир чөйчөк чай үчүн ар кимге батасын бере беришет. Мурда Акаев, Атамбаев жана Жээнбековдорго карата бата берсе, күз айларында "Биримдик" деп, өткөн убакта Жапаров менен "Мекенчилге" тыпылдап батасын берип калгандарына нааразы. 

"Калктын атынан алаканын жая калып бата берип коюп, пакеттерин көтөрүп алып кете беришет. Өкүнүчтүү..."- дейт Масалиев. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости