www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму (ЕККУ) менен биргеликте памирлик кыргыздарга гуманитардык колдоо көрсөтүү боюнча долбоорлорду баштоого белсенүүдө. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
Маалыматка караганда, 1-3-декабрь күндөрү Стокгольм шаарында (Швеция) ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйыны болуп өттү. Анын алкагында Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы Руслан Казакбаев ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолуккан.
“Тараптар негизинен Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздар тууралуу сөз кылып, аларга азыркыдай саясий оор кырдаалда гуманитардык колдоо көрсөтүү жолдорун талкуулашты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун аягында алар памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча долбоорлорду баштоо зарыл деген пикирге келишти.
Эске салсак, октябрь айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экспедициялык тобу Памир кыргыздарына 95 тонналык гуманитардык жүк жеткирген.
Булак: NazarNews.kg