www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетиш керек. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине "Коррупцияга каршы элдик көзөмөл" уюмунун төрагасы Камил Умаров билдирди.
"БШКнын төрайымы Шайлдабекова кызматтан кетиш керек. Кызматынан кетип гана тим болбостон ал былтыркы окуялар үчүн жана азыркы кетирген катачылыктары үчүн жоопкерчиликти алышы керек. Анын тили укмуш, кыйын сүйлөйт. Бирок куру сөздөн көрө, кылган иштеринин натыйжасын көрсөтүш керек. Ал элди ойлошу керек болчу. Эл ичиндеги ынтымак мына ушинтип бузулуп жатат.
Өз кезегинде Садыр Жапаров айткан: “бийликтин партиясы дей турган болсоңор ал партияны шайлабай, башка бирөөгө добушуңарды бергиле” деп. Бирок президент антип айтканы менен Шайлдабекова элге бийликтин партиясын шайлатып коюп жатпайбы", - деп белгиледи Умаров.
Булак: NazarNews.kg