www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Газетабыз 7-8 чыгарылыштан бери улам-улам экс-судья Мамытов Эмилбек жана уулу Мырзабектин, нотариусу Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын «мыйзамсыз баскынчылыгы» тууралуу бир нече макала басты. Ал түгүл, редакциянын журналисттери Алматыга чейин барып казастандык фирмалардын жетекчилери менен баарлашып, ошондой эле ОсОО «Меридиан Логистик» компаниясын экс-судья Мамытовго тарттырып жиберген Россия жараны В.Н.Куриленкоменен жолугушуп, алардын дагы ой-пикирлерине орун берилди. Кызыгы, эмнегедир тиешелүү укук коргоо органдары экс-судья Мамытов менен анын «командасына» көңүл бурбай жатат. Бул окуя боюнча ушул күнгө чейин Мамытовго жана нотариус Кожомкулова Айгүлгө тиешелүү мыйзам чегинде баа берилбей келе жатат. Буга Курманов Ашыр Тукешович Чүй областынын райондор аралык сотунун төрагасы жолтоо болуп жатат деген шектенүү күч. Себеби Кожомкулова Айгүл анын жубайы.
Азыркы кезде Кыргызстандын инвестициялык потенциалы анчейин чеке жылытпайт. Буга бир нече фактор таасир тийгизип жатат. Эң негизгиси – сот-укук тармагындагы коррупциялашкан абал, инвесторлорду кооптонтуп жатканын танып болбойт. Өлкөнүн экономикасынын өсүшү, түздөн-түз соттордун кабыл алып жаткан чечимдерине байланышканын баса белгилеп коюу парз. Анткени мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү укук коргоо, сот тармагына көз каранды. Демек, инвесторлор мыйзамдын кепилдигине, укуктары корголушуна ишеним артышы абзел. Бизде мына ушул нерсеге ишеним төмөн. Ошол себептен инвесторлор Кыргызстанга акча салгандан кооптонуп, чочулап турушат. Бул жагдай өлкө экономикасынын өсүшүнө кедерги тийгизип, аксатып жатканын танып болбойт.
Кечээ жакында президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы, соттордун үстүнөн көрсөтмө берип чечим кабыл алдырат деп айтылып келген Манас Арабаев «Коррупция» беренеси менен камакка алынды. Ал «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына шектелип, айыпталууда. Мына бул жагдай инвесторлорго болгон мамиленин кашкайган мисалы десек жарашат. Сот тармагында мындай көңүл айныткан мисалдар арбын.
Алсак, буга дейре дагы Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголгон. Жалпысынан жети кишиге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Атайын кызмат тергөөдө судьялар кылмыштуу топтор менен тымызын келишип алганы, алардын пайдасына чечим чыгарганы аныкталганын билдирген. Ушул фактыга байланыштуу былтыр жыл этегинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынган эле. Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев «жүздөгөн административдик ишти атайлап жок кылган, ири суммадагы акчаны кымырып алган» деп айыпталып кылмыш иши козголуп качып кетти. Дал ушундай эле көрүнүш менен Чүй облусуна караштуу Москва райондук сотунун мурунку төрагасы Феликс Марлес Кыргызстандан качып кетти. УКМК ага издөө жарыялады. Коомчулукта чоң чуу менен коштолуп жаткан камактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматовго айып тагылды. Айтор санай берсең, тизме узара берет.
Азыркы тапта «чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына шектелип айыпталып жаткан президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдикине окшош иш экс-судья Эмилбек Мамытовго тиешелүү десек жарашат. Дегенибиз, экс-судья Мамытов ишкер Раджаб Абдурасулов менен анын өнөктөштөрү Россиянын жараны Куриленко Виктор Николаевичге таандык мүлктөрдү, фирмасын баскынчылык жол менен тартып алууга шектелүүдө. Мамлекеттик “Кыргыз темир жол ишканасын” 6 миллион сомдон ашык каражатка сызга отургузду. Бүгүнкү күндө Мамытовго жана анын баласы Эмилбек уулу Мырзабекке тиешелүү онго чукул кылмыш иши тергелип жатат. Айрымдары сотто каралууда. Казакстандын «Шынгар Транс», «Блюс парк», «Инком транс» аттуу бир катар компаниялары экс-судья Эмил Мамытовдун үстүнөн арызданып Алматы сотуна сотко берип, жүз миңдеген доллар доого жыгышты. Мамытов жолобой качып жүрөт.
Тилекке каршы, Кыргызстандын укук коргоо органдары экс-судья Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык жоруктарына көз жумду мамиле кылып, бүгүнкү күнгө чейин козголгон кылмыш иштеринин тергөө мөөнөтүн создуктуруп келишет. Бул жерде коррупцияга каршы күрөштүн алкагында президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган максаттуу талаптар аткарылбай жатат. Болбосо, Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык иштерине эки жылдан бери эчак укуктук баа берилип, тиешелүү чара көрүлүүгө тийиш эле. Ырасында, экс-судья Мамытовду анын сот, прокуратура тармагындагы тааныш достору колдоп жатат. Албетте, алардын жүзү дагы жакынкы аралыкта ачылышы мүмкүн.
Мына президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдан март айында өткөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында 2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылганын айткан. Андагы жыйында президент: “Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек. Кадрдык потенциал жогорку деңгээлде болууга тийиш. Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу абзел. Сот адилеттигинин сапатын арттыруу үчүн адилетсиз чечимдерди кабыл алууну болтурбоого жетишиш зарыл”, - деп баса белгилеген. Ага дейре, Коопсуздук кеңешинде “Соттордон турган уюшкан кылмыштуу топ бар” деп да катуу сынга алган эле.
Эмнегедир президенттин койгон талаптары, кемчиликтери көзгө сайып көргөзгөн сыны тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан анчейин эске алынбай жатканы өкүндүрөт... Болбосо экс-судья Эмил Мамытовдун былыктуу иштерине укук коргоо, сот органдары тарабынан көңүл кош мамиле жасалбай, эчак эле мыйзам чегинде укуктук баасын алышы милдет болчу. Мына азыркы кезде учурунда өзү сот, өзү бий болгон Манас Арабаевди сотко алып келгенде коомчулук тарабынан кандай жек көрүү менен мамиле жасалып, каргап-шилеген “наалат” айтылып, залда тургандардын бирөө аны кол сумка менен 2-3 жолу башка койсо, дагы бир жаран аны жумуртка менен чапты. Мындай көрүнүш кийинкилерге сабак болууга тийиш... Эгер сабак алышпаса, экс-судья Мамытовду дагы Манас Арабаевдин тагдыры күтүп турбайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Анткени эртең Казакстандын жарандары кол сумка менен чапса, Россиянын жараны жумуртка менен чабышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg