www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкина боюнча психологиялык жана психиатриялык экспертизанын корутундусу чыкты. Бул тууралуу Кодуранова жергиликтүү vesti.kg басылмаласына билдирген.

Анын айтымында, экспертиза эки эл өкүлү тең эс акылында деген бүтүмгө келген.

"Бүгүн мен экспертизанын жыйынтыгы менен тааныштым. Ал жерде экөөбүздүн тең эс акылыбыз ордунда деген бүтүм чыккан. Андан башка кандай жыйынтык чыгышы керек эле билбейм", -дейт Кодуранова

Эске салсак, август айындагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон иштин негизинде депутат Кодуранова менен Карамушкина психологиялык жана психиатриялык экспертизадан өтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости