www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө иши  токтотулду. Бул Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди. 

Анын  айтымына караганда,  9-январда жоголгон жумушчулардын туугандары ишкана өкүлдөрү менен кеңешип, издөөнү токтотуу боюнча чечим кабыл алынган. 

“Биз болжолдогон жерлердин баарын казып карадык, жыйынтык болгон жок. Жер көчкү алдында калган төрт техника, тетиктери табылды. Бирок жумушчулардын сөөгү табылбай калды. Акыркы он күндө издөөгө туугандары да аралышып, бардыгы көрсөтүлүп жаткан. 9-январда туугандары менен кеңешип, издөөнү токтотолу деп чечтик. Муфтияттан сурасак, жаназасын окуса болот экен. Ал эми компания жоголгон жумушчулардын жакындарына кенемте төлөп берет”-деди Калыс Ахматов.

Эскке салсак, 1-декабрь күнү таңга маал Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчусу - тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз жоголгон. Андан бери кендеги казуу иштери токтоп, жумушчуларды издөө жүрүп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости