www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалга байланыштуу өлкөнүн күч түзүмдөрүн мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди. Мындан тышкары,  вице-премьер Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды. Мунун менен катар,  Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасын такталганга чейин чагымга алдырбоо жана эл арасында түшүндүрүү маанилүү экенин билдирген.  

Эскерте кетсек, коңшу мамлекет менен чектешкен аймакта түндө кайра чыр чыккан. Алгач Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00.40дө белгисиз адамдар кыргыз жаранынын унаасын таш менен уруп, өздөрү Тажикстанга кире качышкан. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланып, ичиндеги жарандар жаракат алышкан. Бир сааттан кийин мындай окуя Көчө-Карын жергесинде кайталанган. Анда Баткенден Көк-Ташка бараткан кыргыз жаранынын унаасынын маңдайкы айнеги талкаланган Болжол менен саат 02.40 мүнөттө Дахма жергесинде кыргыз жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Ал жарандыкына бара жаткан милиция кызматкерлери менен чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости