www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султан жана Алматыдан алкоголдук уулануу менен барган сайын көп аялдар ооруканага түшүшүүдө. Бул тууралуу “Астана” телеканалы билдирди. 

Телеканалдын корреспонденти: Кейиштүү статистиканы алматылык дарыгерлер айтып беришкен. Мегаполистин миңдеген тургундары былтыркы жылы алкоголь менен ууланган. Алардын жыйырмасы өлүмгө дуушар болгон. Медиктердин айтымында алматылыктардын алкоголдук ичимдиктерди ичүүсү азайган, бирок ичишсе дозасынан ашыра ичишет. Анын үстүнө адамдар дайыма эле сапаттуу алкоголдук ичимдектерди иче беришпейт.  Мисалы, Руслан аттуу бул жигит жүзүн көрсөтпөй алкоголь менен кантип күрөшүп жаткандыгын  айтып берүүгө макул болду. Руслан күчтүү ичимдиктерди түнкү клубда иштеп жүргөн мезгилде иче баштаган.

“Менин алкоголизмим клубдагы курамында алкоголь бар энергетиктерди ичүү менен башталган. Эгер мен эки рюмка  ичсем анда, сүрүп бир жумага чейин токтото албайт элем.”,-дейт Руслан.

Учурда наркологияда 4,5 миң алматылыктар каттоодо турушат. Мындай чоң шаар үчүн мындай сан аз көрүнүшү мүмкүн. Дарыгерлердин маалыматына караганда алкоголго көз карандылар азаюуда. Алардын саны жыл сайын 10-15% ке төмөндөйт.  Гульмира Абдыбаева Алматы шаарындагы Медико-социалдык коррекциялоо боюнча наркологиялык борбордун башчысынын орун басары: “Күнүнө орто эсеп менен 10-20 киши келет. Бул күнү-түнү иштеген стационар болгондуктан, соолуккандан кийин кетишет. Жаңы жыл күндөрү жылдагыдай оордук болгон жок”,-деген пикирин айтып берген.

Ал эми тез жардам кызматынын статистикасы коркунучтуураак. Дарыгерлердин айтымында бир канча жылдардан бери алкоголдон көз карандылардын саны өсүүдө. Былтыркы жылы алкоголдук ичимдиктерден 6 миң киши ууланган. Анын эки миңи ооруканага жаткырылса, 23ү каза болуп калышкан. Нур-Султанда алкоголдун курмандыгына 10 киши айланган. Көбүнчө ооруканага аялдар түшүшөт. Ал тургай кээ бир айымдарды кош бойлуулук да токтото албагандыгын медиктер кошумчалашты.

Галина Башинская, дарыгер-токсиколог, Нур-Султан шаары:

“Уулануулар абдан оор жана жыл сайын көбөйүп баратат.  Аялдардын, анын ичинде кош бойлуулардын алкоголго көз карандылыгы алардын өмүрүнө коркунуч алып келген фактылар көбөйүүдө. Өлүмгө көп учурда күчтүү ичимдиктерди дозадан ашык колдонулушу себеп болууда. Казакстанда өндүрүлгөн 100 миллион литр продукциянын жарымынан көбү мыйзамсыз болуп саналат. Иштелип чыгарылышы шектүү  деп эсептелген вино, арак, коньяктар бир эле убакта бир нече шаарлардын дүкөн текчелеринен алынды”,-деп билдирди.

Светлана Романовская, “Керектөчүлөрдүн улуттук лигасы” Юридикалык жүздөрдүн бирикмесинин төрагасы:

“Ири өлчөмдөгү эреже бузуулар такталды. Мисалы, алкоголдук ичимдиктердин туура эмес сакталышы. Башкача айтканда арактарды ким алып келген? Баасы канча? Кайсы жерде сакталган? Кандай транспорт менен ташып келинген?  Дагы 5 литрлик желим бөтөлкөлөрдөгү ичимдиктерди ичүүгө такыр эле тыюу салынган. Бул алып келинген ичимдикти алып келүү, сактоо гана эмес, анын сатууга тыюу салынат".

Адистер элге алкоголдук ичимдиктерди тандоодо баасына көңүл бурууну кеңеш беришет.  Эгер арзан болсо, келип чыгышы күмөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости