www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда улуу держава болуп саналган Америка Кошмо Штаттары менен Иран ислам мамлекетинин ортосундагы конфликт күчөп кеткени белгилүү болуп турат. Ирандык генерал Касем Сулеймани АКШнын авиачабуулунун аркасы менен өлтүрүлгөн соң, Иран ал үчүн АКШдан өч ала турганын билдирген. Көпкө күттүрбөй эле Иран АКШнын Ирактагы базасына ракеталык чабуул жасады. АКШ президенти Трамп бул жагдай боюнча билдирүү жасап, согуш отун тутантпоо аракети бар экенин айткандай болду. Ошентсе дагы дүйнө коомчулугу учурда эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге өзгөчө көңүл буруп турат. 

Мына ушул дүйнө элин кооптонткон АКШ менен Ирандын жаңжалына «Райым-миллион» деп таанылган Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги тууралуу ишенимдүү булактардан маалымат келди. Көрсө, ирандык генерал Касем Сулеймани Матраимов менен бизнес-өнөктөш болгон тура. 

Баарыбызга белгилүү болгондой, Америка каржылаган маалымат булагы акыркы убактарда Райым Матраимовду бир беткей каралоо менен катуу алектенип келатат эмеспи? Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу иликтөөлөрдү жасатып, анда да Матраимовду гана башкы образ кылып жаратуу аракеттери жасалды. Бирок, ошол иликтөөлөр чала жасалганы, анда көрсөтүлгөн документтердеги коюлган колдор да жасалма болуп чыкканы, миллиондор өлкөдөн чыгарылып жатканда Бажынын башында ким турганы, өлкөнү ким башкарып турганы да атайылап айтылбай жатканынан улам андай иликтөөлөр АКШ күткөндөй натыйжа бербей койгон экен. Ошондон улам Америка Матраимовдун бизнес-өнөктөштөрүнө чабуул коюуну баштаган экен. 

Натыйжада Ирандагы Матраимовдун бизнес-өнөктөшү Сулеймани авиачабуулдун курмандыгы болуп отурат. Мындай аракети менен АКШ Матраимовду алсыздандырууну көздөп жатат дешет. 

Эми окуянын мындан аркы өнүгүшүн күтүү керек. Балким, Матраимовдун дагы башка өлкөлөрдө бизнес-өнөктөштөрү болсо, аларга да АКШ авиачабуул жасашы мүмкүн. Маалыматтык чабуул аркылуу көздөгөн максаттарына жетпеген соң, алар ушундай авиачабуул вариантына өтүштү дешет бул маалыматты билгендер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости