www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков медицина кызматкерлерине кол көтөргөндөргө жаза киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан 2019-жылга чейин Тез жардам кызматкерлерине 40 жолу кол салуу болгон.

Алмазбек Батырбеков  алгачкы жардам көрсөткөн ак халатчандардын кесиптик ишмердүүлүгүнө жолтоо болгондорго карата ар кандай жазалардык олдонууну сунуштады:

Жашы жете электерди 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, жеке жактарды 30дан 40 саатка чейин иштетүү же жашы жете электерге 5000 миңден 14 миңге чейин, жеке жактарга 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салуу.

Эгер өспүрүм дарыгерлерге экинчи ирет кол көтөрсө 30дан 40 саатка чейин, чоңдор 40тан 60 саатка чейин коомдук жумушка тартылат же жашы жете электин ата-энеси 15 миңден 25 миң сомго чейин, жеке жактар 30 миңден 60 миң сомго чейинки айыпка жыгылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости