www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иорданиялык телеберүнүн алып баруучусу Сахар Аббас Жамиль агасынын өлүмү тууралуу түз эфирди алып барып жатып билди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Теле алып баруучу суук кабарды укканда ыйын токтото алган эмес, бирок ошого карабастан ал түз эфирди алып барууну уланткан.

“Журналисттин негизги принциби-жеке жашоону профессионалдык милдеттери менен аралаштырбоо, бирок мага азыр эле менин улуу агам каза болгонун кабарлашты. Биз берүүнү чындыктын кызыкчылыгында  улантабыз жана өлкөдө эмне болуп жаткандыгын баарын чагылдырып беребиз”,- деп айткан алып баруучу.

Алып баруучунун агасы Ирактагы армиянын генерал-майору Тарик Аббас Жамиль 12-январда Багдад алдындагы Аль-Балад базасын ракеталык чабуулунда каза тапкан.

Сахар Аббас Жамиль буга чейин Ирактын телеберүүсүндө иштечү, бирок 2017-жылы ызы-чуу менен эфирде калп айтып жатам деп жумуштан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости