www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Казак" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка  ылайык, ал 17-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1985-жылы туулган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүн түн ортосунда карактаган деп шектелип, ыкчам алынган далилдердин негизинде колго түшүрүлдү.

Аталган кылмышка катыштыгы бар делип ага чейин эки адам кармалган. Учурда укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантууда.

Эске салсак, буга чейин "Казак" бир нече кылмыштарга, анын ичинде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, иши сотто каралган. Бирок Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова кылмыштын жагдайларын толук изилдебей туруп, тиешелүү соттук экспертизанын корутундусунун жоктугуна карабастан, шектүүнү психикалык ооруканага жайгаштыруу керек деген чечимди чыгарып, аны боштондукка коё берген. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Сулайманованы ошол иштин айынан кызматтан алган.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости