www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө Бишкек мэриясы шаардагы өз чегинен чыгып муниципалдык жерге өзүм билемдик менен ар кандай курулуш иштерин жүргүзүп, ар түрдүү нерселерди куруп алгандардын курулуштарын буздурду.
Келме кезек демекчи, бир кезде өзү мэр болуп турганда мыйзамсыз курулуш иштерине байланыштуу рейд кылып жатабыз деген иш-чараларды жүргүзүп калчу Иса Өмүркуловдун дүкөнү дагы бузулду. Учурунда мыйзамды сүйлөгөн Өмүркуловдун ичинен кан өтүп кетти көрүнөт. Сыягы, өзү мыйзамсыз курулуш куруп алып, мага жараша берет деп ойлосо керек.
Жараткан ошентип таразалап коёт. Таба эмес, тобоо. Төө минген кези көзүнөн учуп, тирүү туруп элде жок, кеп-сөздөн калганына намысы болсо ардангандыр. Ошол үчүн "эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" дешкен да ата-бабалар.
Алмазбек Атамбаевди "ата" деп жүргөндө азуусун айга жанып, каалагандай талтаңдады эле. Ошого ыраазы болбой, ынсапсызга кашык берсең беш ууртайт болуп, чириген байлыгы туруп, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев айткандай Атамбаевден акча сурап кетчү экен. Көрсө, ынсапсызды тойгузуу мүмкүн эмес тура.
Кийин ичкен кудугуна түкүрүп, Атамбаевдин "тузуна сийип" сатып кетти. Мына эми эч жерге батпай, аш-тойго бара албай, "өлүү дүнүйөсүн" коргоп, жек көрдүгө айланып отурат. Кудайдын каарына калат деген ушул эмеспи...
Булак: NazarNews.kg