www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 3-окууда каралып, жактырылды.

Аталган маселе боюнча КР айыл чарба, тамак - аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу республикадагы үрөнчүлүктүн өнүгүүсүнө тоскоолдук болгон эки негизги маселени чечүү үчүн укуктук негиз түптөөгө жол берет.

Биринчиден, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү сертификатталган сорттуу үрөндөрдү төмөндөтүлгөн баада сатып алууга мүмкүндүк алышат, бул түшүмдүүлүктү жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатууда оң натыйжага алып келет.

Экинчиден, үрөнчүлүк чарбаларына өстүрүлгөн үрөндөрдү толугу менен дотациялык баада сатууга мүмкүндүк берет. Муну менен алар өздөрүнүн финансылык абалын бекемдеп, сертификатталган сорттуу үрөндөрдү өндүрүүнүн көлөмүн бир кыйла жогорулата алат.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алмасбек Акматов тармактык министрликтин өкүлдөрүнө үрөнчүлүк боюнча концепция иштеп чыгууну ыкчамдатууга чакырды.

Белгилей кетсек, республика аймагында жалпысы 109 үрөн чарбасы, алардын 31519 гектар жалпы айдоо аянты бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости