www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Валерий Белоконь деген ат Советтер Союзундагы Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын баканооздорунун тизмесинен табылды.
Аты-жөнү ушундай эле адам кыргызстандыктарга Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн бири деп эсептелген латвиялык ишкер катары белгилүү.
20-декабрда Латвия КГБнын архивин ачыкка чыгарды. Агенттер, резиденттер жана жашыруун жолугушуулар өтүүчү жайлар үчүн жооптуулардын аты-жөнү, каймана аты жазылган 10 миңдей документ өткөн кылымдын 80-жылдарында топтолгону айтылат.
Анын баары эми Латвиянын мамлекеттик архивинин Интернеттеги расмий сайтында ачык болот.
Белоконду кыргызстандыктар "2010-жылга чейин арам акчаны адалдоого аралашкан" деген “Манас” банкынын мурдагы жетекчиси катары билишет. Ал эми Англиянын түндүк-батышындагы 140 миңдей киши жашаган Блэкпул шаарындагылар аны жергиликтүү футбол клубунун мурдагы президенти катары таанышат.
Белоконь азырынча Интернетте тарап жаткан маалымат тууралуу комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg