www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов деген, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп" мурдун балта кеспей отурат. Ушул эл өкүлүнүн кесепетинен канчалаган жарандар үй-жайы жок көчөдө жүрүшөт. 

Дегенибиз, депутат болгонго чейин Жусупов "Эмаком" курулуш компаниясын жетектеп келген. Жүздөгөн жарандар компаниядан үй алышкан. Бүгүн болсо, үйдөн жок же төккөн акчаларынан жок сызга отуруп калышты. 

Жусупов болсо элдин акчасына депутат болуп алып, компаниянын директору кылып классташын коё коюп суудан кургак чыгып кетти. Жоопкерчиликти досу, классташы тартып бүгүнкү күндө 27 миллион сом карыз мойнуна илинип, алдамчылык менен абакка камалды. Бул эл өкүлү өзүн жоопкерчиликтен куткарыш үчүн досун "сары улак катары садага катары чаап" жатат. Анан ушундай адам эл өкүлү болуп, элдин мүдөөсүн көздөп иш кылат? 

Жөнөкөй курулуш компаниясынын директору кезде элди сыздатып кетиптир, эми мандатына таянып алып эмненин ичинен чыгып жатат ким билсин?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости