www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрүнүн Курултайынын Аткаруу Комитети тарабынан уюштурулган “Бийликти узурпациялоо, анын мамлекетке жана коомго тийгизген кесепеттери” деген аталышта өткөрүлгөн Элдик жыйындын РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
Кыргызстандын саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрүнүн биримдиги 2018–жылдын 24-ноябрында 19 саясий партиялардан - 239 делегат, 28 коомдук, бейөкмөт жана мекенчил уюмдардан - 358 делегат, көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлерден, саясат таануучу, эксперттерден 70 адам, 27 массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен биринчи Курултай өткөрүп, жыйынтыгында 19 пунктан турган тийешелүү чечим кабыл алынган.
Ошол чечимге ылайык 2019-жылдын 26–мартында Курултайдын аткаруу комитети “Бийликти узурпациялоо, анын мамлекетке жана коомго тийгизген кесепеттери” деген аталышта элдик жыйын уюштурду.
Элдик жыйынга саясий, коомдук жана мекенчил уюмдардын 145 өкүлү катышты. Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлер Э.Каптагаев, Т.Акун, Б.Талгарбеков жана Б. Мамбетовдор атайын баяндамаларды жасашты, 15 киши талкууга чыгып, сөз сүйлөштү.
Биринчи Курултайдын чечимдеринин 3, 4, 5, 6, 7, 8, 12 пунктарында:
-Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти А.Атамбаевдин ишмердүүлүгү канаттандырарлык эмес деп табылып, 2011-2017-жылдарда мамлекеттик бийликти узурпациялаган, мыйзамсыз жеке авторитардык, кландык башкарууну орноткон деп табылган.
- Алмазбек Атамбаев клан башчысы катары ишмердүүлүгүн, жазаган иштеринин кесепеттерин иликтөө, анын байлык булактарын тактоо, аларга укуктук баа бериш үчүн КР Жогорку Кеңешинен атайын мамлекетик комиссиянын түзүлүшүн, анын жыйынтыктары боюнча парламенттик угуу өткөрүлүүсүн, КР Башкы прокуратурасынан текшерилип далилденген фактылар боюнча коомго кеңери резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча күнөөкөрлөрдүн аттары аталып, тийешелүү чаралар көрүлүп, элге жарыя кылынсын деген талаптар сунуш катары КР Президентине, Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө, Башкы прокуратурасына, тийешелүү мамлекеттик органдарына жиберилген. Тилекке каршы өткөн төрт айдын ичинде Курултайдын чечимдери боюнча аткаруу комитети КР Президентинен гана жазуу түрүндө жооп алгандыгы жыйында белгиленди.
Баяндамалардын, талкуулардын, жарыш создордун учурунда тушкон сунуштардын негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алуу менен Элдик жыйын
Ч Е Ч И М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Алмазбек Атамбаев тарабынан бийликтин узурпацияланышы, жеке кландык башкарууну түзүшү жана алардын кесепеттерин иликтөө үчүн:
- Атайын Мамлекеттик комиссияны түзүүнү, ал комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен ачык парламенттик угууну уюштурууну кайрадан талап кылат;
- Атамбаевдин жеке кландык башкаруусуна саясий баа берилип, мындан ары Кыргыз Республикасында бийликтин узурпацияланышына жана мыйзам талаасынан сырткары турган кландык башкарууну түзүүгө жол бербөө үчүн мыйзамдык бөгөттөр кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлө турган Мамлекеттик комиссия, ошондой эле “Кумтөр” алтын кени, Мегаком, Бител, Батукаевдин качышы, “Дача-Суу” трагедиясы, Бишкек ЖЭБи, “Кемин-Датка” доолбору, “Жогорку Нарын ГЭС каскады”, Камбар-Ата ГЭС-2, “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолдун курулушу, “Лиглас” фирмасы менен болгон афералык келишим, Тарых музейинин оңдолушу, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун курулушу, 2010-жылдын апрель айынан кийин улутташтырылган объектилердин тагдыры, улутташтырууга тийиш болгон, бирок жашырылып, текшерилбестен, кылмыш иштери козголбой, камакка алынбай калган жер тилкелери, кыймылсыз мүлктөрдүн тагдыры сыяктуу резонанстуу кылмыш иштери, орчундуу маселелери териштирилип, тергөөнүн жыйынтыгы коомго ачык маалымдалсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2010-жылы жалпы элдик референдумунда кабыл алынган Конституциясына ылайык “экс-президенттер” абсолюттук кол тийбестикке ээ эмес деп так жазылган. Ошондуктан “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмерлигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамында “экс-президенттин кол тийбестиги” жөнүндөгү маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бул мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүсү азыркы мезгилде саясий оюн катары баалансын.
“Кол тийбестик” боюнча Конституциялык палатага кайрылуу боло электе, бул иш ал жерде каралып, тиешелүү чечим чыга электе эле Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров мырзанын түшүндүрмө берүүсүнө тиешелүү баа берүү Кыргыз Республикасынын Президентинен, Жогорку Кеңешинен жана Жогорку сотунан суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.Жамшитовдон талап кылынат:
4.1 2018-жылдын 24–ноябрында кабыл алынган Курултайдын чечиминин негизинде мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу башкаруу кланын түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюуштургандыгы үчүн Алмазбек Атамбаевке 10 күндүн ичинде кылмыш ишин козгоону;
4.2 Козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Атамбаев эл алдында мактанып жүргөн зор байлыктарынын булактарын жана алардын мыйзамдуулугун толук текшерүүнү;
4.3 А.Атамбаевдин мыйзамсыз жеке бийлигинин орношуна зор салым кошушкан, КР Конституциясында камтылган негизги адам укуктарынын, соз эркиндигинин тебеленишине жол беришкен, жогорку кызмат орундарында иштеп туруп, өз кызматтык укук-милдеттерин кыянаттык менен колдонуп, мамлекеттик органдарды башкарууда акыйкаттык, адилеттик, калыстык, чындык ж.б. ушундай принциптерин бузгандыгы үчүн мурунку президенттин жан-жөкөрлөру Ф.Ниязов, И.Жолдубаева, А.Сегизбаев, У.Исраилов, Б.Сүйүнбаевдердин кыймыл аракеттери тыкыр текшерилип, жыйынтыктарына тийешелүү укуктук баа берилүү менен жоопкерчиликтеринин каралуусун;
4.4 Саясий өңүттө буюртма, жасалма жолдор менен козголгон кылмыш иштер боюнча соттолушкан жарандардын иштерин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону сот органдарынын алдында демилгелөөнү.
5. А.Ш.Атамбаевдин 2011-17 жылдар ичинде Мамлекетти башкарып туруп КР Конституциясына, тиешелүү мыйзамдарында камтылган адам укуктарын тебелеп, жарандардын ар намысына, абройуна адамдык жеке сапаттарына шек келтирип, шылдыңдап, аймак аралык биримдикке доо кетирип, коомду, элди бөлүп жарууга болгон аракеттерин териштирүү максатында Коомдук комиссия түзүлсүн.
Коомдук комиссиянын курамын жана иштөө тартибин аныктоо Курултайдын Аткаруу Комитетине жүктөлсүн.
6. 2018- жылдын 24 – ноябрында өткөн Курултайда кабыл алынган чечимдердин атакарулуусу, аткаруу комитетинин ишинин жыйынтыктары кезекте өтө турган Курултайдын күн тартибине киргизилсин.
7. Ушул Элдик жыйындын чечими Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө жана Башкы Прокуратурасына жиберилип, тиешелүү чараларды көрүүсү сунушталсын.
Курултайдын Аткаруу комитетинин торагасы К.Дүйшөбаев
Катчысы Н.Молдоисаев
Бишкек шаары 26 март 2019 ж.
Булак: NazarNews.kg