www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

(Каармандын аты өзгөртүлүп берилди)

Бир караган кишиге катуу азап тарткандай көрүнгөн Чыйбыл эмнегедир бул жолу чечилип сүйлөп берди.

-Ал кезде мен аскерден жаңы келип, иш жок болгон үчүн айылда бош жүрүп калдым. Айткандай мен жеринен балдарын кайын-журтуна бактырган эрекектерди абдан жаман көрөм. Анткени мени дагы атам таштап кетип, мен таятамдын колунда өстүм. Эмне болгон күндө дагы “жээн” деп мени айыл эли көп жактыра берчү эмес. Ар бир бала өз ата-журтунда өссө кандай жакшы. Негизи эле кыздын баласы таяке-тайына сый болуп, кыйналса дагы өз туугандарынын жанында жашаганы туура экен. Бул эми жашоонун мыйзамы. Бирок кээ бир ары жок аталар, балдарын кайын-журтуна бактырганы бул абдан алсыздыктын жана наабаты жоктон белги берет. Эч качан жакшы атанын баласы, тектүү жердин тукуму  балдарын башка жакка бактырбайт. Бала жасаганды билгенден кийин, аялына таштап салбай бакканды да билгени абзел эмеспи.

Бир күнү айылдагы эдин айткан кебине катуу ыза болуп, ушул жашоодон кечким келди да короого кирип уй байлаган жипти алып, устунга байлап асылып калдым. Анткени менде ошол кезде такыр эле сабыр жок экен. Болбогон бир ооз сөз үчүн, жанымды кыйганга барганымды азыр дагы кечире албай келем.

Мен үч күндөн кийин ооруканадан эсиме келдим. Көрсө мен асылгандан соң бир топ убакта жип үзүлүп кетип, аман калыптырмын да анан катуу кыйналыптырмын.

Айткандай ал жактын жашоосун дагы көрүп келгендей болдум.

Мен ал жакка барганымда көп кишилер асылып туруптур, кудум жипке асылган бойдон. Мага бир аксакал киши жакын келип:

-Балам, сен эмнеге бул ишке бардың? Карачы, тиги кишилердин асылып турганын. Алар атайын берилген аманат жанды кыйнап, өз ажалдарынан мурда келип, тиги же бул дүйнөнөдө эмес эки ортодо тургандар. Азыр сенин ичээр сууң али бар. Андыктан мындай кийин мындай ишке барбай жүр! -деп айтты да, анан ушунчалык тез убакта көздөн дайын болуп жок болуп кетти.

 Чын эле ал жактагы кыйноо бул жактын тарткан азабынан миң эсе кыйын экенин көрдүм. Ал турсун ал жакка барганда тиги жактын азабын көрүп алып жаңылып алганымды билдим.

Кыскасы, эсиме келип терезеден жарык нурду көргөнүмдө ушунчалык кубанып кеттим. Эми мен канчалык кыйналсам дагы, аманат жанды сактап өз жанымды кыйгандан алысмын.

Айтайын дегеним, азыр жашоого жеңил караган жеңил ой адамдар өз жандарын кыйгандары менен тиги жакта кыйноо тартышарын билишпейт,-деп сөзүнө чекит коюп ойлуу жер тиктеди. Качан ал сөзүнүн аягына чыкканда мен андан адамдагы нур, сыймык качып калганын байкадым. Көрсө ар бир жаман иштин терс таасири сөзсүз белги берет белем. Бул окуяны сиздерге “сабак болобу” деген гана ойдо жаздым. Анткени акыркы кездерде азгырыктар көп болуп, чыдамсыздык күч алып жатканы да ушул уккан окуяны жазганга түрткү берди. 

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости