www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов, Ташиевге телефон чалып сурайт экен:

-Камчыке, эл жана жогору жак мени унуттубу, барсам болобу?-деп. Анда Камчыбек күлүп:

-Өмүке, келсең кел, бирок мен сага бир окуя айтып берейин, анан калганын өзүң ой жүгүртүп көр-деп Камчыке сөзүн баштайт:

-Бир молдоке эки жашка нике кыйып жатып, элдин көзүнчө байкабай жел чыгарып ийип уялып айылдан алыс кетип калат экен, анан арадан бир топ жыл өткөндөн кийин айылга аялын жибериптир “менин кылыгымды унутушуптурбу, билип келчи” деп. Аялы айылга келип бир кичине баладан сурайт имиш:

-Сен кимдин баласысың, качан төрөлдүң эле?-десе тиги бала:

-Мен Бейшендин баласымын, Ашым молдо жел чыгарып качкан жылдан эки жыл мурда төрөлүптүрмүн –деп айтыптыр. Аңгыча эле бир келинге жолугуп калып:

-Ой, тиги дүкөн качан салынган?-десе тиги келин:

-Ашым молдо жел чыгарып качып кеткен жылдан бир жыл өткөндө!-деп жооп берген экен. Молдокенин аялы капа болуп келе жатып эски кошунасына жолугуп:

-Келин кут болсун, келинди качан алдыңар эле?-десе кошунасы:

-Ашым молдо нике кыйып жатып жел чыгарып жиберип качып кеткен жылы эле алганбыз!-деп жооп бериптир. Анын сыңарындай Өмүке сенин кылыктарың азырынча унутула элек. Азыр эле элдер айтып жатышат:

-Бабанов качып кеткен жылдан бери премьер-министрлер сурак берип жатышат. “Атамбаев камалсын” деп алды ураан чакырып баштады. Кыскасы, сен али элдин эсинен чыга элексиң. Элдин айран башы кымыран, Бабанов келсе Атамбаев тарапка ооп кетпейби?-деп айтылып жатат, дейт имиш Камчыке каткырып...

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости