www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөгө атагы чыккан лидер, Россиянын Президенти В.В.Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары чыны менен өзгөчө жаңылык. Туура Владимир Владимирович Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан жок. Буга чейин деле бир нече жолу келип кеткен. Болгону бул жолкусунда атайын даярдык менен мамлекеттик денгээлде расмий келүүдө. Дүйнөлүк мамлекеттердин алакасындагы тышкы саясаттан туруп караганда да бул жолку иш сапар өтө маанилүү.
Аталган иш сапардын болушу тууралуу маалымат тараган күндөн баштап уу –дуу кептердин токтобой келатканы да ошондон. Россиянын Президентине кошулуп 500 дөй ишкерлер, ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү да келет деген имиштер бар. Эгер ошончо ишкер чөйрөнүн адамдары, белгилүү инсандар келсе убактыларын жөн эле коротуп Кыргызстанга келип сайран куруп, беш бармакка тоюп кайра кетишпесе керек. Сөзсүз маанилүү чечимдер кабыл алынып ал ишке ашат го деп үмүт артуудабыз.
Россия менен Кыргызстандын же жөнөкөй тил менен айтканда орус эли менен кыргыз элинин карым катынаш, байланышы жүздөгөн жылдардын ары жагында Эрмек (Ермак) доорунан да арыта жатканын бул макалада кайрадан далил келтирип сай медиреп жазуу деле ашыкча деп ойлойм. Анткени андай макалалар, тарыхый изилдөөлөр бир эмес бир нече жолу жазылды. Ал түгүл кандагы ДНКнын окшоштугу боюнча да орус эли менен кыргыз элинин ортосундагы жакындыкты (Илимий изилдөөлөргө караганда кыргыз улуту менен орус улутунун ДНКсы коңшулаш элдердикенен да жакын экени илимий негизде аныкталган.) окумуштуулар изилдеп коюшкан.
Владимир Владимировичтин расмий иш сапарында башкы маселелер катары эмнелердин талкууланып, эки элдин ортосундагы достукту чыңдоо үчүн эмне иштер жолго коюлушун калайт элем?
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык карым катынаштагы товар жүгүртүүнү так жолго салуу. Өзгөчө Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба азык-түлүктөрүн Росиянын базарларына чыгарууну туруктуу жөнгө салуу маселелери өтө деле татаал иш эмес. Бир ооз сөз, бир барак кагазга жазылган келишим менен аткарылып калуучу иш.
Терең ойлонуп маани бере турган маселелер башкада. Кумтөр кенинин айланасындагы чырлуу иш канча бир жылдан бери токтобой келатат. Чет өлкөлүк аферистер көз көрүнө кыргыз элинин, мамлекетинин байлыгын талап-тоноп ташып кетишүүдө. Айрым маалыматтарга караганда 400 миллиард доллардан ашык каражатты сыртка чыгарып кетишти. Тоноо дагы деле токтобой уланууда. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги аферистик топко кыргыз бийлигиндеги күч жетпей турганы эчак белгилүү болгон. Урматтуу Владимир Владимрович кийлигишсе бул маселе бир жактуу чечилет эле.
Кыргызстандагы суу ресурсун колдонууда да коңшу мамлекеттер менен болгон мамиледе калыстык болбой жатат. Бул маселе татаал бирок талкуулай турган иш. Нарын дарыясына курула турган ГЭЦтер тууралуу бир жактуу чечим чыгып жок дегенде Камбарата-1 , Камбарата-2 ГЭЦтери аягына чыгып курулуп бүтүшү керек эле. Бул маселелер Россия мамлекети колго алып киришпесе дагы канча бир жылдарга токтоп тура бермекчи.
Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун улантуу да чечилбей токтоп турат. Бул чечилсе Кыргызстан “Тупиковая страна” дегенден кутулуп деңиз соода жолуна чыгууга мүмкүнчүлүк алмак. Мындан Россия утпаса уттурбайт деле. Бул проблема да ушул визиттин жүрүшүндө бир жактуу чечилсе эл ыраазы болмок.
Мамлекеттердин ортосундагы мамлекеттик деңгээлдеги мамилелерге катар эле эки элдин ортосундагы карым катынаштын тереңдеши жана коммунисстик доордо калыптанган байланышты үзбөй сактап калып аны улантуу да өтө маанилүү. Бул жактайда илим- билим тармагындагы алакаларды арттырууга карата жасалган кадамдар колдоого татыйт. Маданий –руханий тараптан да байланышты терендетүү каралса дейт элем.
Эки элдин ортосундагы карым катынашты улантуунун дагы бир өзгөчө жолу бар. Так ушул жолду эске алып маани берсек жакшы болот эле деп ойлойм. Биз көп учурда бүгүнкү жашоого жана тез жыйынтык бере турган иштерге алаксып келечекке, ондогон, жүздөгөн жылдар астыга карап иш жүргүзбөй калабыз.
Кыргызстан экологиялык жактан караганда уникалдуу, экологиялык кыйроого учурай элек таза өлкө. Экология маселеси бүгүн дүйнөлүк проблемага айланган доордо жашап жатабыз. Кыргызстанды экологиялык таза азык-түлүк өндүрүүчү республикага айландырууга али да чоң мүмкүнчүлүк бар. Мына ушул жагына көңүл бурулса. Эгер бул иш колго алынса Москва сыяктуу чоң шаарлардагы супермаркеттер өздөрү Кыргызстандан өндүрүлгөн азык-түлүктү астына ала буюртма кылып үзгүлтүксүз алып турушмак.
Кыргызстан кышы жайы ден соолукту чыңдоочу курорттук мамлекетке айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар өлкө. Кыргызстанда жүздөгөн ден соолукка пайдалуу минаралдык суулар чыгат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук аймактар өзүнүн толук мүмкүнчүлүгүндө иштей элек. Кыргызстан Швейцариядан жаратылышынын кооздугу жагынан болобу, экологиялык таза абасы жагынан болобу артык болбосо кем калбайт. Швейцарияга болсо дүйнөнүн менмин деген байлары барып эс алышууда. Ал өлкөдө өзгөчө элиталык курорттук иш жолго коюлган өлкө. Кыргызстанды Швейцарияга айландырып коюуну Россиялык эки-үч миллиардер ишкер колдоруна алса эле ишке ашып калат. Россиялыктар кышы жайы дебей Кыргызстанга келип эс алып ден-соолуктарын чыңдап кетип турса эки элдин байланышы өтө тереңдеп ортодогу бири - бирине болгон сый артмак. Кыргыз эли меймандос эл. Бул наркы бүгүнкү күнгө чейин сакталып келатат. Мындай алакка орус эли үчүн да жакшы болмок. Себеби эң башкысы тилдеги тосколдук жок. Кыргызстандагы жашаган улуттардын дээрлик 80-90 пайызы орус тилин билет. Мындай мамиле жолго коюлса өзгөчө карапайым орус калкы үчүн ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Бул багытта Кыргыз бийлиги да терең ойлонуп Россиялык ишкерлер кызыкса курорттук аймактарды көп жылдарга арендага берүү жагын кароолору керек деп ойлойм.
Россиядагы бардык эле карапайым жумушчу калк, интеллегенция өкүлдөрү дүйнөлүк мааниге ээ болгон курорторго барып эс алып ден соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүктөрү жете бербесе керек. Кыргызстан аларга салыштырмалуу арзан болмок.
Бүгүн дүйнөнү саясатында болобу, маданиятында болобу, деги койчу кайсыл гана тармагында болбосун “Шоу”- деген бир оору жайылып баарын ээлеп алды. Аты дүнгүрөгөн ар кандай иш чаралар өтөт бирок артында калган жыйынтыгы жокко эсе.
Атагы таш жарган дүйнөлүк лидер Россиянын Президенти Урматтуу Владимир Владимирович Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапары кезектеги саясый “шоу” болуп калышын мен каалабайм. Андай болбойт. Сөзсүз ушул иш сапардагы кабыл алынган келишимдер, каралган максаттар, айтылган сөздөр ишке ашат деп ишенем. В.В.Путин Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекетке 500дөн ашык коштоочусу менен келип анан ал иш сапардан майнап чыкпай калса кандай болот. Андай болушу мүмкүн да эмес.
Владимир Владимирович Путинге терең урматы менен салам жолдогон Кыргызстандык катардагы жөнөкөй жазуучу Чолпонбек Абыкеев.
Булак: NazarNews.kg