www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт «Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» парламенттин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Депутат Абдывахап Нурбаев Бишкектеги кара түтүн маселесин чечүүгө жооптуу болгон өкмөттүн айрым мүчөлөрүн сынга алды. Ал Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 26-декабрындагы «Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому аткарылбаганын белгилеп, өкмөттүн маалыматын кайра комитетте кароону сунуштады.
«Равшанбек Азатович (вице-премьер-министр), жаныңыздагы командаңызды көрдүңүзбү. Өкмөттө экологияга жооп бере тургандар ушулар. Буларга «2» деген баа бергенге ооз барбайт, «0» деген баа бериш керек. Эч нерсе кылышкан жок. Эл дагы көрүп алсын, ким чыккынчылык кылып, зыян келтирип, оорутуп жатканын. Анткени бир жыл мурун ушундай сөз болуп, токтом кабыл алынган, эч нерсе аткарылган жок. Кайра уялбай жаныңызда жалган маалымат айтып жатат. Бул бир.
Экинчиси, булардын жоопкерчилигин караш керек. Комитетте карап, иштен алып, кылмыш ишин дагы козгош керек. Анткени азыр Бишкекте элдер кайрылып жатат, карыган ата-энелерди дарыгерлер чыгарып кеткиле, бул абада тура албайт деп жатыптыр. Саламаттыкты сактоо министрлигинен сурасаңыз, инфаркт менен инсульт 35 жаштан башталып, Кыргызстан Орто Азияда 1-орунга чыгып жатат. Жаңы төрөлгөн балдардын дем алуу органдарындагы көйгөйлөр көбөйүп жатат.
Буга бирөө жооп бериши керек да. Ошол элдин эсебинен сиз менен мен айлык алып, бала-чакабызга нан алып барып жатпайбызбы. Жок дегенде ошону акташ керек да. Былтыйып отурушат, күлүп коюп. Ушулардын жанында отургандан сиз дагы уялып жатасызбы? Кичине кечирим сурап койсо жакшы болмок, айланайын эл, силердин артыңар менен айлык алып, бирок кыла албай жатабыз депчи. Уят да.
Бир жыл мурун сөз болгон нерседен эч нерсе аткарылбаптыр. Айткыла ачык, Бишкек шаарында апрелге чейин кара түтүндү жок кыла албайбыз, чыдап тургула деп. Мойнуңарга албайсыңарбы муну. Элдин каргышы тийсин ушуларга, эфирден көрүп алышсын, кимдер күнөөлүү экенин», - деди Нурбаев.
Булак NazarNews.kg