www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-декабрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Сауд Арабиянын КРдагы элчиси Абдурахман Аль-Жума менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Ниязалиев эки өлкө ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселесин тездетүүнүн маанилүүлүгүн билдирип, санитардык талаптарды сактоо менен Сауд Арабиясына барган кыргызстандык зыяратчыларга жагымдуу шарттарды түзүү маселесине көңүл бурду.
Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Булак: NazarNews.kg