www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат кезинде, кошоматты катырганы менен таанылган Балбак Түлөбаев Тоң, Жети-Өгүз райондору менен Каракол шаарын камтыган № 28 шайлоо округунан аламан жарышка аттанып, сууга түшкөн чычкандай, супсуну сууду. Эл “бизге пахтаны калың төшөгөндөр эмес, акыйкатты, чындыкты айткандар керек” дештиби, “№1 пахтачыны” шайлабай коюшту. 

Жараткан асманга чыгып кеткендерди ушинтип эсине келтирип коёт. Дегенибиз, шайлоо баштала электе өзүн депутат катары сезип, аталган округдан биринчи болуп келем деген дымагы ашынып, алдын-ала “терисине сыйбай” калган болчу. 

Эми минтип “мурдуна суу жетип”, Пушкиндин жомогундагы жыртык тпешисин кучактап томсоруп отуруп калган кемпирдин кейпин кийип, алапайын таппай турган чагы. Андыктан, ашкере эле асмандай бербей, “жетсе дагы төбөң булутка, жерде экениңди унутпа” деген макалды эстен чыгарбаган жакшы.

Последние новости