www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы облусундагы Алматы-Бишкек трассасынын 129-чакырымында катталган жол кырсыгынан жети адам каза болду, деп билдирди аймактын полиция кызматы.

«Алдын ала маалымат боюнча, «Хонда Одисей» унаасынын айдоочусу алдыда бара жаткан «HOWO» жүк ташуучу унаанын чиркегичи менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы жети адамдын баары каза болду», - деп билдирет полиция.

Бир жума мурда ушул эле трассада жол кырсыктан алты адам каза болгон. Ал учурда «Audi» жана «Toyota» унаалары кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, «Audi» унаасынын 23 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган. Окуя болгон жерде 2 айдоочу жана 3 жүргүнчү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканада көз жумган. 5 адам жаракат алган.

Последние новости