www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элге убада бергенден корк...

Сингапурдун даражасын болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткирген мамлекет башчы Ли Куан Ю элди артынан кантип ээрчитип алганынын бир себеби катары дайыма кагаз карабай, адамдын көзүнө тике карап сүйлөгөнүн эсептелет. Ли Куан Юнун китебинде эч бир сырды элинен жашырбастан, бардык маселелер боюнча ойлорун ортого салганы баяндалат. Батыш мамлекеттери менен өз өлкөсүнүн социалдык баалуулуктарынын айырмасына терең көңүл бурганы айтылат.

Ал эч кимден өз көз карашын өзгөртүүнү талап кылган эмес. Жөн гана өлкөнүн абалына түшүнүп мамиле кылуу керектигин суранган. Ли Куандын өкмөтү билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурган.

Анын өз ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алган 12 принцибинин айрымдарына токтлсок:

• Коррупцияны пайда кылуучу факторлорду жоюу жана коррупция менен аёосуз күрөшүү;

• жарандардын коопсуздугун жана нормалдуу жашоосун, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу;

• Калктын билим деңгээлин тынымсыз жогорулатууга мамлекеттик масштабда кам көрүү;

• Билимдүүлөрдү чет өлкөлүк мыкты окуу жайлардан өлкөгө алып келип иштетүү;

• Ар бир сингапурлуктун англис тилин мыкты билишине жана ошол тилде билим алышына, жаңы технологияларды мыкты өздөштүрүүгө жетишүү;

• Сингапурлуктардын моралдык сапаттарынын жогору болушуна жетишүү;

• Өкмөттө жана парламентте иштөөгө талапкерлер шайлоолорго каржылык жактан кыйналбай катыша алышына шарт түзүү;

• Ар бир өкмөт мүчөсүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге татыктуу эмгек акы төлөө, жеке ишкерлерге, банктарга, компанияларга ж.у.с. жагымдуу шарт түзүп берүү;

• Коомдун ар бир мүчөсү азыркы учурдун чыныгы билимдүү адамы болушуна жетишүү.

Кыргызстан бул жагынан кандай абалда экенин айтпайлы. Биздин да дурус мыйзамдарыбыз бар, кеп алардын ишке ашпай жаткандыгында.

Ли Куан Юнун өзгөчөлүгү, ал өлкөнү өнүктүрүү багытындагы ойлорун толук ишке ашырууга жетишкен. Кыргызстанда да өзүнүн Ли Куан Юсу болгон экен, бирок ал 1938-жылдагы репрессияга туш келип атылып кеткендиктен, улуттук лидерден кыргыз эли эрте ажырап калган. Ал лидер Жусуп Абдырахманов болгон.

Бүгүн улут лидери болом деген инсан өзүнүн бүткүл ишмердигинде Жусуп Абдырахмановдун ойлоруна жана Ли Куан Юнун иштерине жакшылап сереп салса мыкты болор эле.

Ли Куан Ю: «Оппозициядан эмес, элге берген убадаңдан корк. Оппозиция менен каалаган учурда тил табышып алсаң болот» - деп айткан экен.

Учурда Кыргызстандын жүгүн өз моюнуна алам дегендер да элге убаданы өтө аша чаап беришкендигинен улам натыйжалуу ийгиликке жетпей келебиз.

Султаналиев Сайпидин, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости