www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмирбек чоңколордун тукуму

Амантай Кутманалиев кызуу болсо эле жатаканада жашаган Элмирбек Иманалиевдин эшигин тээп келе берчү экен. Бирок келген сайын Элмирбек үйүндө жок. Акыры бир күнү жолугушат. Амантай адатындай алагүү болуп келип:

- Келсем эле сени таппайм. Деги үйүңө токтойсуңбу?

- Ооба, өткөндө мен жокто келипсиң... - десе Амантай баштайт:

- Эмне жаныңды жейсиң? Малик (Аликеев) сени үйүндө эле жүрөт деп айтпадыбы... - деп таза айласын кетиргенде, Элмирбек суроо узаткан экен:

- Элмирбек деген ат эмнеден башталат? Айтчы.

- Эл.

- Малик деген ат эмнеден башталат? - Мал.

- Анан ошол малга ишенесиңби же элгеби?

- МАЛга да, ЭЛге да ишенбейм.

- Анан кимге ишенесиң?

- Өзүмө.

- А өзүңдүн атың эмнеден башталат?

- ???

Амантайды ой басып, ичинен күбүрөнөт. Бир кыйладан кийин өзүнүн ысымы кандай башталаары тил учуна келгенде: жарпы жазыла каткырган экен.

Булак: «РухЭш» Накыл кептер

Последние новости