www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин м.а.  Эльвира Сурабалдиева БУУ Адам Укуктары Боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгынын Борбор Азия үчүн Аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бул жолугушуу БУУ Адам Укуктары Боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгы менен адам эркиндигин жана укугун камсыздоо жаатындагы мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн негиз болуп саналат жана өз-ара аракеттешүүнү дагы жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

БУУ Адам Укуктары Боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгынын Борбор Азия үчүн Аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда өз кезегинде уюмдун өлкөнүн Өкмөтү менен адам укугу жаатында кызматташууга жана өз-ара аракеттешүүгө ачыктыгын жана даярдыгын билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар республикадагы адам укугуна байланыштуу абалды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУУ Адам Укуктары Боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгынын Бишкек шаарындагы Аймактык бөлүмү менен кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулады. 

Такткап айтканда, жаштар үчүн аймактык борборду түзүү концепциясынын үстүндө биргелешип иш алып баруу, Өкмөткө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин жана башка мамлекеттик органдардын адам укугун жана эркиндигин камсыздоо жаатындагы мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле адам укугу боюнча БУУ башка механизмдери менен өз-ара аракеттешүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости