www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто аялын сабап из жашырып жүргөн "Акбала" каймана аты менен таанымал кримавторитет кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январда Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран күйөөсү тарабынан сабалып, ал киши качып жүргөндүгүн айтып арыз менен кайрылган. Бул фактыны аныктоо үчүн Ош ШИИБинин кызматкерлери иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада аялын сабап из жашырып жүргөн 1982-жылы туулган А.Д.ны кармашып, Ош облустук УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ("бейбаштык") ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

--"Иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган А.Д. мурда "Акбала" каймана аты менен кримчөйрөсүндө жүргөндүгү аныкталып, ал буга чейин банги затын сактагандыгы жана тоноочулук жасагандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары профилактикалык каттоодо тургандыгы белгилүү болду. 

Ал эми сабалган аялга карата соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында денеге анча оор жаракат албагандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости