www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-январда Орусиянын аймагында суукка жана күч кызматкерлеринин кысымына карабастан миңдеген адамдар көчөгө чыгып, 17-январда камалган оппозициячыл саясатчы, Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышты.

«Новичок» заты менен ууландырылгандан кийин Германияда дарыланган Навальный Москвага 17-январда кайтып келген.

Белгилей кетсек, алгачкы митингдер бүгүн Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск, Владивосток, Новосибирск жана башка шаарларда өттү. Аларга жалпысынан 15 миңдей адам катышканы кабарланды.

Айрым талдоочулар бүгүнкү иш-чаралар 2017-жылдын март айында Орусиянын 99 шаарында өткөн ири акциялардан берки эң ири демонстрациялар болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Митингдер кармоолор менен коштолду. Орус полициясынын ишмердүүлүгүнө көз салган «ОВД-Инфо» тобу 30 шаарда 273 адам кармалганын, Хабаровск шаарында күч кызматкерлери кармалгандарга кол көтөргөнүн маалымдады.

Навальныйдын тарапкерлери Якутск шаарында 50 градус, Екатеринбургда 30 градус суукка карабастан акция өткөрүштү.

Оппозиционердин бошотулушун талап кылгандардын акциясы Москванын Пушкин аянтчасында жана Санкт-Петербургда да өтүүдө.

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келе жаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин жемкорлук иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Жакында ал Путинге «мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген тасма жарыялаган.

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости