www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева Казакстандын тажрыйбасын колдонуу менен Кыргызстанда педофилдер боюнча маалыматтар камтылган картаны түзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Сурабалдиева мектепте балдарга чоочун адамдардын автоунаасына отурбоо, алар менен сүйлөшпөө жана ынандырууга жол бербөө сыяктуу жөнөкөй эрежелерди үйрөтүү керек деп эсептейт. Аткаминер айым педофилдер ким экендигин чоңдор деле билбей калган учурлар бар экенин белгилеген.

"Казакстанда педофилдер жөнүндө маалыматтар камтылган өлкөнүн картасы иштелип чыкты. Анда жашы жете элек кыздарды зордуктагандардын сүрөттөрү менен бирге маалыматтары жарыяланды. Бизге ушундай карта керек. Баарын жарыялоого убакыт келди. Баарыбыз 13 жаштагы кызды бир нече эркек киши зордуктап салганын көрдүк, бирок айылдаштары аларды актап, баарына кыздарды жана ата-энелерин күнөөлөштү", — деп жазган вице-премьер-министр.

Вице-премьер өспүрүмдөр үчүн интернеттеги порнографияны чектөө керектигин да айткан. Ал ата-энелер балдарынын смартфонун акыркы жолу качан текшергенине дагы кызыкты.

Ал социалдык тармактын колдонуучуларынан өзү киргизип жаткан сунуш боюнча кандай ойдо экенин сурады. Ошол эле учурда маалыматтар коомчулукка жарыяланып кетсе педофилдердин туугандарын жактагандар чыгышы мүмкүн экендигин четке каккан жок.

Анын билдирүүсүнө пикир жазгандар вице-премьердин сунушун колдошту.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости