www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте көрүстөндөн алдын ала жер брондоо 150 миң сомдон ашып кетиши ыктымал. Калаа мэриясы иштеп чыккан көрүстөн брондоо боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна түштү. 

Ага ылайык, брондоонун наркы 150 миң 647 сомду түзөт. Баа эки бөлүктөн турат. Мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүч боюнча негизги төлөм 100 миң сом болсо, кошумча кызматтар үчүн 50 миң 647 сом алынат. 

Кошумча кызматка мүрзөнүн тегерек-четин карап, тосуу, тазалоо, жашылдандыруу, сугаруу, таштанды чыгаруу кирет. 

Эсептөө 10 чарчы метрлик бир участокту 10 жыл кароого ылайыктап жүргүзүлгөн. 

Негиздемеде бир участок боюнча бир жолку чыгым 23 миң 722 сом, 10 жылдык тейлөөгө 14 миң 711 сом, кошумча административдик жана чарбалык чыгым 7 миң 610 сом экени көрсөтүлгөн. 

Жалпы чыгым 46 миң 43 сомду түзүп, ага 10 пайыз рентабелдүүлүк кошулганда кошумча кызматтардын коэффициенти 50 миң 647 сом болуп чыккан.

Последние новости