www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков парламент жыйынында абакта төрөлгөн балдардын келечегине тынчсыздануусун билдирди.
Айтымында, Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жети эне абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда көз жарып, балдарын чоңойтуп жатышат.
"Алар балдары менен жазаларын өтөп жатышат. Туура, өз жазаларын алышы керек. Бирок ошол жерде 5-10 жылга соттолгудай балдардын укугун кантип коргойбуз? Алардын энелеринин кылмыш иштерине эмне тиешеси бар? Ал дагы өзүнчө адам да.
Кылмыш-жаза кодексинде баласы 14 жашка чыкмайынчы жаза мөөнөтүн алдыга жылдырып коюу деген берене бар. Муну менен көп адамдар колдонуп келген. Эмне себептен бул аялдарга колдонулбайт?", - деп акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага карылды.
Акыйкатчы мыйзамда абакта төрөлгөн наристе 3 жашка чейин энесинин жанында болууга ураксат берилерин, мында эненин каалоосу эске алынарын билдирди.