www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш иши каралып жатат.
Сотко Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов да келди.
"Мен бул "75чилердин катына" өзүм кол койгом, мени эч ким мажбурлаган эмес", - деди Жунусов.
Ал ошондой эле буга чейин бул иш боюнча эч кандай көрсөтмө бербегенин билдирди.
Жыйын жабык эшик артында өтүүдө.
Белгилей кетсек, бул иш боюнча Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулуна айып тагылган. Ошондой эле камакка алынган беш саясатчы — Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асанов тергөө абагынан алып келинди.
Буга чейин Бишкектин мурдагы мэри жана мурдагы депутат Иса Өмүркулов да келген.