www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанга келген жарандарды бекеттерден жана аэропорттон милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшыртуу талабы алып салынды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Мындай чечим 15-марттан тарта күчүнө кирет.

Жаңы эрежеге ылайык, коңшу өлкөгө аба жана темир жол каттамы менен барган жүргүнчүлөр COVID-19 жок экенин ырастаган маалым катты гана көргөзүп өтө алат. Сапарга чыгардан 72 сааттан же үч суткадан кеч эмес убакытта ПЦР-тест тапшырган болушу шарт.

Мындан сырткары, Өзбекстанда сапаттуу жана ишенимдүү деп таанылган чет өлкөлүк лабораториялардын тизмеси жарыяланары маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости