www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдо Нияз

Кыргыз ырчылар поэзиясынын ичинен мейли пенделик, мейли чыгармачылык жагынан болсун өзгөчө тагдырга ээ адам деп Молдо Ниязды айтсак эч жаңылышпаган болор элек. Эгерде башка төкмөлөрүбүз, жазгыч акындарыбыз жөнүндө ошол өткөн жетимиш жылдык тоталитардык режимдин мезгилинде дале маал-маалы менен ар кандай деңгээлде (изилдөө иретинде иликтөөлөрдө, каралама сындарда, партиялык өкүмчүл документтерде) сөз боло калып келсе, кат-сабаты мыктылап жоюлган, өз ырларын өзү аздектеп кагазга түшүрүп, ал турсун мезгил сыноосуна туруштук бере ала тургандай кайдаасын келтире мукабалап колкитеп кылып эл арасына таратып жүргөн  Молдо Нияз жөнүндө даңазалуу окумуштуубуз Болот Муратаалы уулу Юнусалиевдин көзгө сүртүм бир макаласынан бөлөк ныпым кеп болбоптур. «Алтынды дарт баспайт» дегендей мына эми карт тарых өз мыйзамына ылайык ар кимди өз ордуна коюуда.

Соңку он чакты жылдын (1986 – 1994) ичинде Молдо Нияздын өмүр таржымалы менен чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү жөнүндө бир катар макалалар, маалыматтар жарыяланды. Ал эми 1993-жылы кеч күздө атпай журтубуз атактуу ырчынын туулган күнүнүн 170 жылдык мааракесин жалпы элдик  чоң маданий, адабий салтанат катары белгилешти.

«Чү» дегенде эле белгилей кетчү нерсе – Молдо Нияз жөнүндө сөз салуучу ар бир иликтөөчү жан дили өтө пакиза, илимпоздук абийир-ары ашкере тунук адабиятчы Омор Соороновдун айтып бүткүс адал эмгеги тууралуу өзгөчө урмат-ызаат менен эскере кетүүсү абзел. Мындан жүз жылдан ашуун мурда араб менен жазылып Молдо Нияздын мурасын бүгүнкү биз пайдаланып жүргөн кириллицага көчүрүп, бир системага салып, анан калса өзү да бул көркөм дүйнө жөнүндө оригинал ой-пикирлерин айтып (арийне, алардын «дурусу» да, «бурушу» да бар. Ал жөнүндө көп оролу келгенде айтылат) эл арасына жеткирүүдө Омор Соороновдун эмгеги ат көтөргүс.

Акындын өмүр таржымалы жөнүндө О.Сооронов момундай маалыматтарды кабарлайт: «Молло Нияз Б.М.Юнусалиевдин жазганы боюнча Шаймардандин боюнда туулуп, 70 жыл өмү сүргөн. Анын окурмандары Болот агайга «1951-жылы акындын көз жумганына 55 жыл болду» деп айтышыптыр. Буга ишенсек Молло Нияз 1896-жылы дүйнөдөн кайтып, ХIХ кылымдын жыйырманчы жылдарында туулган болот. Б.У.Урустанбеков менен Т.К.Чороевдин «Кыргыз тарыхы» деген кыскача энциклопедиялык сөздүгүндө: «Молдо Нияз (1820-1896) – кыргыздын алгачкы акындарынын бири, Кыргызстандын Шаймерден өрөөнүндө туулган. Кашкар шаарындагы медреседен билим алган...» – деп жазылган. Жогорку фактыларга таянып жана кийин жыйналган кабарларга карап Молло Нияз акын Ош областынын азыркы Кадамжай районундагы Кызыл-Булак деген жерде 1823-жылы туулган десек туура болгудай». Адабиятчынын мына ушундай кыйла түшүнүктүү иликтөөсүнөн улам айтылган (бүгүнкү күнгө алганда чындыкка бир топ жакын турган) маалыматтарын эсепке алуу менен Молдо Нияздын ырчылар поэзиясындагы адабий-хронологиялык ордун академик Аскар Какеев төмөндөгүчө аныктайт: «Көрсө, Молдо Нияз улуу Калыгулдан (1985 – 1855-ж.ж.) кичүү, ал эми атактуу Арстанбектен (1824 –1882-ж.ж.) улуу экен. Демек, хронологиялык принциптен алганда да, чыгармаларынын үндөштүгү жагынан алганда да, илимий, тарыхый мааниси боюнча алганда да Молдокем экөөнүн так ортосундагыөзүнүн мыйзамдуу ордун алышы керек». Мындай таамай байкоодон улам айтылган жүйөөлүү пикирге кошулбай коюуга болбойт. Ырчылар поэзиясы жөнүндө жаңы принциптен туруп жазылуучу окуу куралдарынын портреттик баптары дал ушул хронологиялык тартипте берилгендиги тарыхый обңективдүүлүккө дал келип турат. (Биз да сунуш кылып жаткан китебибизде ушул тартипти сактадык.)

Молдо Нияз «Арка, Анжиян, атүгүл кытайлык кыргыздарга чейин кыдырып чыккан...» «...Кокон хандыгында кыргыз, арап, фарси, эски түрк (чагатай) тилдерин билип жана ошол тилдерде эркин жаза, философиялык терең ойлорду айта ала турган мүдарис катары белгилүү, өтө кадыр-барктуу инсан болуптур.»

Жогоруда айтылгандай, Молдо Нияз ырларын өзү кагазга түшүрүп, өзү мукабалап эл арасына таратчу экен. Бул тууралуу кыргыз адабиятынын чоң билерманы М.И.Богданова өткөн ХХ кылымдын тээ 40-50-жылдары эле моминтип жазып кетиптир: «...в конце ХIХ века грамотность все же начинает проникать частично и в среду трудящейся бедность. К этому времени относится о появление в ее среде первых одиночек-акынов, которые начинают записывать слагаемые ими песни и распространять их в записанном виде.» Айрым божомолдор боюнча, кээ бир  кат-сабаттуу адамдар ал китептерден көчүрүлгөн үзүндүлөрдү да калк арасына жайып жүрүшүптүр. Дегеле, улуу ырчы өзү мукабалап калтырып кеткен колкитептердин канча экендиги жөнүндө ачакей пикирлер жашап келет. Айталы, Омор Сооронов: «Молдо Нияздын өз колу менен жазып, түптөп жана китеп кылып жасаган 7 колкитеби болгон экен» (1.13-бет),- деп маалымдаса, ырчынын жердеши акын Эгемберди Эрматов бул тууралуу момундай деп жазат: «…куйма кулак карыялардын айтымына караганда ал (Молдо Нияз – С.Т.) ондон ашуун ыр китеп жазган экен».

Иши кылып ушундай «экендер» бир топ. Демек, улуу ырчы канча колкитеп калтыргандыгы жөнүндө так кесе айтуу өтө кыйын нерсе. Ал эми бизге болсо Молдо Нияз бабыз калтырган колкитептердин үчөө келип жетти. Ал колкитептердин экөөнү таап келип кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусуна өткөргөн адам залкар окумуштуу Болот Муратаалы уулу  Юнусалиев болгон. Академик Б.М.Юнусалиев улуу ырчынын биринчи табылган колкитеби жөнүндө моминтип жазат: «Биз Молдо Нияздын санаты» деп атап жүрчү кол жазма жөнүндө алгачкы кабарды 1951-жылы октябрь айында Охна кыштагында жашоочу 63 жаштагы Баит Исманалиев деген колхозчудан уктук. Кол жазма жана анын автору жөнүндө бул кишинин айткандарын кийин Шаймардан өрөөнүндөгү башка кыштактын бир топ адамдары да ырасташты.

…Абышкалар, бул дептерди Молдо Нияз өз колу менен жазган деп бир ооздон айтышса да, кээде колго өткөн көчүрмөсү болушу мүмкүн деп да божомолдошот.

…Мен бул дептерди издеп көрдүм, бирок тиянак чыкпады. Болгону жол болуп 1957-жылы Азиза Токтобаеванын жардамы менен ал дептерлердин бири колубузга тийди…

Мына 18х10см. форматындагы саргыч калың кагаздуу дептер алдыбызда жатат. Келиштире жасалган булгаары тыш мезгил өкүмүнө моюн сунбаптыр. Ошентсе да четтери кетилип, үбөлөнгөн. Кол жазма Орто Азияда кеңири тараган жазма ыгына салынып, мезгилдин өтүшү менен өңү өчө баштаган кара сыя менен жазылыптыр. Отуз төрт беттен турат. Ар бир жаңы беттин башында мурдагы беттен сөздү кайра жазуу аркылуу жүргүзгөн автордун беттештирүү тартибине негизденип, биз 62-беттен кийин бир же бир нече барак айрылганын аныктай алдык.

Санат жети-сегиз саптуу ырлар менен бет толо жазылган, башкача айтканда ар бир бетте 2-3төн ыр жайгашкан. Ошентип, биздин колубузга тийген 68 беттүү кол жазмада 2000ден ашык ыр сабы бар экен. Акыркы 68-бети, болжолу, коюураак сыя  менен башка кол жазган окшойт. Дептердин эч бир жеринде автордун, болбосо көчүрүп жазган адамдын ысымы жолукпайт» (3. 78-79-беттер). Ал эми улуу окумуштуу таап келген экинчи колкитеп жана кийин 1988-жылы табылган үчүнчү колкитеп жөнүндө О.Сооронов буларды жазат: «Экинчи колкитеп. Ош областынын Кадамжай районуна карашту Кызыл-Булак айылында жашоочу Эрмек Молдодон 1962-жылы май айында Сыдыкбаев Камбарбек алган. 1962-жылдары К.Сыдыкбаев мугалим болуп иштеген. Калем менен жазылган адреси: Ысык-Көл району, Таштак айылы, ХХ11 партсүезд колхозу деп көрсөтүлгөн. Бул колкитепти да академик Б.М.Юнусалиев Кол жазмалар фондусуна тапшырган. Экинчи китептин (форматы 17,5х10,5см) ар бир бетинде 10-11 жолдон ыр сабы бар. Ак барактарга тамгаларды ойноктотуп, кооздоп түшүрүү ыкмасы менен жазылган. Колкитеп 116 беттен туруп, айрым жерлеринде 1-колкитептеги санаттар кайталанган учурлар бар. Колкитептин башынан жана аягынан барактар жок.

Үчүнчү китепти (форматы 13х19 см) 1988-жылы октябрң айында Тил, адабият институтунун ошондогу директору…Абдыганы Эркебаев Алай районунун Жайылма кыштагында жашоочу Азимов Аманилладан алып келген. Колкитеп Аманилланин колунда экендиги жөнүндөгү алгачкы кабарды Дүйшөмбү шаарынын тургуну, бир боордошубуз Тайтөрө Батыркулов болгон. Китептин ар бир бетинде эки катардан (эки столбик) кылып, поэтикалык арап жазмаларына традициялуу ыкма менен б.а. биринчи катардагы биринчи сапты окуп, анан экинчи саптагыны, анан кайра биринчи саптагыны (ошентип кете берет) окуй турган кылып, кара сыя менен жазылган, 75беттен турат. Арап жазмасына традициялуу болгон барактын эң аягындагы сөздү эки жолу кайталап, анан кийинки беттин башына кайра жазуу да, атайын коюлган беттери да болгондуктан барактар аралашып кетип, санаттарды тактоо өтө кыйынга турду, мында дагы барактардын жоголгону даана көрүнүп турат».

Булардан сырткары адабиятчылар С.Закиров, П.Ирисов, Ж.Мусаевалар 1974-жылы Ноокат менен Фрунзе (азыркы Кадамжай) райондорунан жыйнашкан материалдарынын ичинде да Моло Нияздын санаттарынан үзүндүлөр бар. Ошондой эле Молдо Нияздын чыгармачылыгынын зор күйөрманы, жогоруда эскертилип кеткен дүйшөмбүлүк боордошубуз Тайтөрө Батыркулов да улуу ырчынын урпактарынын айтуусундагы санаттарынан, айрым бир куйкумдуу ырларынан үзүндүлөрдү жарыялады.

Жыйынтыктап айтканда, Молдо Нияздын көркөм мурасынын бүгүнкү колдо болгондорунун абалы ушундай.

Ал эми улуу ырчынын башка колкитептеринин тагдыры жөнүндө жогоруда айтып өткөн акын Эгемберди Эрматов буларды кабарлайт: «Азырынча үмүт үзбөй туралы, балким калгандары да элдин ичинен табылып калышы ыктымал. Балким ал китептер ушул чөлкөмдөгү эле элдин ичинде, же чаң басып чоң-чоң шаарлардын архивинде, Ооганстан, Кашкар сыяктуу чет жерлерде кимдир бирөөлөр тарабынан таберик катарында сакталып жүргөндүр, ким билет...

Садык Алахан

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

Последние новости