www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жүргүнчү ташыган эки автобустун айдоочулары эреже бузуп, чегерилген айып пулду убагында төлөбөгөндүктөн унаалары атайын короого токтотулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Автобустардын бири тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Анда «Коопсуз шаардын» камераларына айдоочунун көп сандагы эреже бузуулары катталганы айтылган.

Милициянын кайгуул кызматы текшерүү жүргүзүп, ал транспортко 165 айып пул жазылганын, 72си тууралуу ээси кабардар болгонун аныктаган. Мындан тышкары, айып пулу көбөйүп кеткен дагы бир автобус табылган. Ага 136 айып кагаз чыгып, 88и тууралуу айдоочуга маалымат берилген. Жалпысынан эки автобуска 301 ирет айып пул салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости