www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл өкмөттөрүнө бир катар документтерди жана күбөлүктөрдү, анын ичинде паспортторду берүү укугуна ээ болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов кабарлады.
Өкмөт башчы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Араван районундагы калкты тейлөө борборлору жайгаша турчу имараттарды көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, аймактарда мындай борборлорду көбүрөөк ачып, элге документ берүүнү жеңилдетүү керек.

«Айыл өкмөттүн милдеттерине бир катар күбөлүктөрдү берүү киргизилет. Алар туулгандыгы, каза болгондугу, нике жөнүндө, аталыкты аныктагандыгы, жашаган жери тууралуу документтер, «балага сүйүнчү» жана башка справкалар», — деген Марипов.

Ал кошумчалагандай, айыл өкмөттөрү калкты тейлөө борборлору сыяктуу эле ID-паспортторду, жарандык паспортторду алмаштырууга документтерди кабыл алып, аларды бере алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости