www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Михаил Сухомлинов менин колумда каза тапты», - деди Юрий Шатунов. Бул тууралуу дүйнөгө белгилүү орусиялык ырчы Юрий Шатунов «Россия 1» телеканалына берген маегинде айтып берди.

«Эртең менен болчу, мен ойгонуп эле кулакчынымды тагып отургам. Мишка (ред. Михаил Сухомлинов) тамак ичип эле эшикке чыгып кеткен. Анан эле мылтыктын үнү угулду. Терезени карасам унаа жылып кетти. Унаанын түсү, номуру эсимде жок», - деген Шатунов.

Шатунов дароо эшикке чыгып, Сухомлиновдун денесин көргөнүн жана досу анын колунда жан бергенин айтты.

«Карасам анын моюну электен өткөндөй, ок жок. Мылтыктан эки жолу ок атылган», - деп кошумчалаган ал.

Белгилей кетсек, Михаил Сухомлинов 1993-жылы 29-сентябрда Москва шаарындагы Юрий Шатуновдун үйүнүн кире беришинде өлтүрүлгөн. Музыкантты өлтүргөндөр ушул күнгө чейин табылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости