www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эмне үчүн Кыргызстанда кадр саясаты туруктуу болбой жатат? Аткаминерлер тез-тез алмаша берет? Мындай ыраатсыздык тейлөө кызматына канчалык кедерги тийгизүүдө?”

Коом өзү олку-солку болуп, “бүгүн көргөн эртең жок” деп кайра-кайра оңкобаш атып турганда кайдагы туруктуу кадр саясаты? Кадрлар туруктуу иштеш үчүн мамлекеттик бийлик түзүмдөрү, мыйзамдар туруктуу болуусу, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү зарыл.

Экинчи жагынан, кадрларды сактай турган түзүм аягына чейин калыптанышы керек, саясый кызмат орундары менен административдик кызмат орундарынын ортосун так ажырым кылып, бийлик кандай алмашса дагы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишин камсыз кылып келе жатышкан административдик кызмат орундарындагы адистерге тийише албай тургандай, алардын укуктары эч кандай кынтыгы жок корголгондой мыйзамдар болуусу шарт.

Министр алмашса, техничка менен кароолчусуна чейин алмаштыра берүү туура эмес, жаңы министир саясый деп эсептелген төрт-беш эле кызматчыны алмаштырганга укугу болуш керек. Башка жерлерде деле ушундай.

Ал эми өкмөт мүчөлөрү менен башка дайындалуучу кызматтагы адамдардын алмашып туруусуна түшүнүү менен эле кароо зарыл. Анткени, алардын ордулары “саясый” деп аталат, ошондуктан саясый кырдаалдан көз каранды. Бирок алардын алмашуусу жалпы мамлекеттик органдын ишине тескери таасир тийгизбегендей болуусу керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости