www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү тажик-ооган чек арасына чукул жерде контртеррордук машыгуу өткөрдү. Машыгуунун алкагында Тажикстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн Aero L-39 үлгүсүндөгү эки учагы Ооганстан менен 20 чакырым аралыктагы Харб-Майдон полигонунун үстүндө абадан чалгындоо жүргүздү.

Машыгууга тажикстандык чек арачылар, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын бөлүктөрү катышты. “Бул машыгуу ЖККУга мүчө мамлекеттерди кандай болбосун террордук коркунучтардан сактоого багытталган”, - деп билдирди Орусиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысы, генерал-полковник Александр Лапин.

Бул ооган-тажик чек арасына жакын жерде өтүп жаткан ЖККУнун үчүнчү машыгуусу. Төртүнчү машыгуу ноябрга белгиленди. Бул тууралуу ЖККУнун расмий өкүлү Владимир Зайнетдинов билдирди. Ага төрт миңдей аскер жана 500 атайын техника тартылат. Иш-чара чек арага жакын жердеги Тажикстандын Харбмайдон жана Момирак полигондорунда өтөт.

17-августта Орусия менен Тажикстан ооган чегине чукул аймакта бир нече айлык аскердик машыгууларды баштаган. Бир апта мурун орус, тажик жана өзбек жоокерлеринин биргелешкен окуусу аяктаган. Сентябрдын башында ЖККУга кирген мүчөлөрдүн миңдеген жоокери Кыргызстандагы машыгууларга катышкан.

Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү чек арадагы коркунучтар менен качкындардын агымынан чочулоодо. ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости