www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бохтар шаарынын прокуратурасы «Точикматлубот» ишканасынын Хатлон облусу боюнча бөлүмүнүн төрагасы Азизулло Сохибовго карата тергөө иштерин баштады. 10-октябрда анын үйүндө бычак менен жараланган 36 жаштагы аял ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк Азизулло Сохибов “Озоди” радиосуна - аял өзүнө өзү бычак сайганын, бул окуяга эч ким күнөөлүү эмес экенин айткан.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгындагы өз булак 24-октябрда бардык материал топтолуп, прокуратурага өткөрүп берилгенин кабарлады. Анын айтымында, ал түнү Сохибовдун үйүнө 25 киши конокко келген, алардын көбү сурак берип бүттү.

Өз булак бул факт боюнча кылмыш иши козголо элек экенин белгиледи. Бохтар шаарынын прокуратурасы комментарий бере элек.

Буга чейин “Озоди” радиосунун өз булагы жарадар болгон 36 жаштагы аял Азизулло Сохибовдун жакын санаалашы экенин маалымдаган. Мойнуна бычак урулган аялдын жараты тигилип, бир нече күндөн кийин ооруканадан чыккан.

Күч түзүмүндөгү бир нече булак ага Азизулло Сохибов кол салганын айтууда. 50 жаштагы Азизулло Сохибов – Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибовдун агасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости