www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкек менен Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчөт

Бүгүн, 25-октябрда, Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым райондорунда электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирет. Мекеменин жумушчулары жабдууларды оңдоо, чубалгы тартуу, таяныч устундарын орнотуу жана трансформаторлорду сынактан өткөрүү иштерин жасайт.

Электр жарыгы өчүрүлүүчү аймактар:

9:00дөн 16:00гө чейин — Чоң-Арык айылында (Северная, Жеңиштин 50 жылдыгы, Шушенский кууш көчөсү);

9:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй 4-6, 39-47 көчөлөрү) жана Арча-Бешик конушу (Чатыр-Көл, Шералиев, Сандык-Төр көчөлөрү)

9:00дөн 18:00гө чейин — Көлмө конушу, Волков, Месарош, Троицкий, Бейшеналиева, Зеленая, Ала-Арча көчө бөлүктөрүндө, маал-маалы Мраморный кууш көчөсүндө жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү № 249, 251 үйлөрдө;

9:30дан 17:00гө чейин — 3-кичи райондогу № 17 турак үйдө;

9:30дан 17:00гө чейин — Орто-Сай айылында (Рысмендиев көчөсүндөгү 2, 3, 3а үйлөрүндө, Ормокоев көчөсүндөгү № 49 үйдө);

10:00дөн 17:00гө чейин — Осмонкул, Жумабек, Сүйүмбаев, Огонбаев, Баетов, Салиева көчө бөлүктөрүндө жана Аламүдүн кууш көчөсүндө;

Өчүрүүлөр, ошондой эле, Чүй облусунун баардык райондорунда пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости