www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кечки саат 5ке карай добуш берген жарандардын саны 71,8 пайызга жеткенин билдирди. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин бул көрсөткүч 80,8% түздү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары бүгүн, 25-октябрда чыгат.

Шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8де ачылып, кечки 8ге чейин иштеди. Республика боюнча болжол менен 19,86 миллион шайлоочу катталган. Чет жакта жүргөн өзбек жарандары да добуш берди. Бул үчүн 49 өлкөдө 55 стационардык шайлоо тилкеси жана 316 көчмө түйүн иштеди.

Президенттик шайлоого беш партиянын талапкерлери катышты. Алар: Либералдык-демократиялык партиядан азыркы президент Шавкат Мирзиёев, Социал-демократиялык "Адолат" партиясынан Бахром Абдухалимов, Экологиялык партиядан Нарзулло Обломурадов, Демократиялык партиядан Алишер Кодиров жана Элдик-демократиялык партиядан Максуда Ворисова.

64 жаштагы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келээри күтүлүүдө.

Шавкат Мирзиёев 2003-жылдан 2016-жылга чейин премьер-министр болгон. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун учурунда 13 жыл өкмөттү жетектеген жана ал каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2016-жылы президент болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости