www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК спикерди депутаттыкка талапкер кылуудан баш тартты. Себеби - ал депутат болгусу келген арыз жазган соң, беш күн ичинде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан чегиниш керек эле. Жаңы мыйзамдын 21-беренесинде жогорку жана саясий мамлекеттик кызматтарда отурган адамдар, кызмат орундарын тапшырып бериш керек. Талант Мамытов 2020-жылдын октябрынан соң түзүлгөн  башаламандык убагында спикер болуп шайланган.

Мыйзам боюнча, алтынчы чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү өтүп кетсе дагы 2020-жылдын 6-октябрында парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков кызматынан өз эрки менен баш тарткандыктан, бул орунга көпчүлүк депутаттар Мыктыбек Абдылдаевди алып келген. Мыктыбек Абдылдаев качып жүргөн депутаттарды баш коштуруп, жыйын өткөргөн соң, өз милдетин спикердин орун басары Мирлан Бакировго өткөзүп берген. Ушундай оор кырдаалда парламент башына Канат Исаев спикер болуп келет. Бирок анын бийлиги да көпкө узаган жок. Спикерлик кызматты эмки шайлоо салгылашуусунда «Ынтымак» партиясы аркылуу кызуу талаша баштаган Талант Мамытов алат.

2012-жылдын 3-октябрында ал кездеги парламент депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев баш болгондор «Кумтөр»  боюнча митинг уюштуруп, анын аягы Ак үйдүн тосмосунан секирүү менен аяктаган. Алар Ак үйдүн тосмосунан секирген учурда акактап калган ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү боюнча Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун үстүнөн кылмыш иши козголот. Булар сегиз ай камакта өткөргөн соң Бишкек судьясы Курманкул Зулушев аларды актап жиберет.

Спикерлерди эске сала кетели. Бөрүбаев Алтай спикер болгондо да бир топ адатын таштаган эмес. Өмүрбек Текебаев Акаевден баштап ким президент болсо жүрөгүнүнүн үшүн алып келген түбөлүк оппозиционер. Зайнидин Курмановдун болуш чоң атасы кыргыздын Үркүндө баш көтөрүп эл менен бирге болгондордун орус императорунун колуна салып берүугө аралашкан. Дастан Жумабеков Франкфурт-на-Майне шаарын так атай албаганы менен белгилүү.

Айтып отурса арман көп, кайсы спикер кыйратып жиберди эгемендик алгандан берки тизмени карап баа берип көрөлү:

1. Масалиев Апсамат (1990-91),

2. Шеримкулов Медеткан (1991-92),

3. Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97),

4. Myкамбаев Усуп (1997-2000)

5. Матубраимов Алмамбет (1997-1998),

6. Эркебаев Абдыганы (1998-2005),

7. Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005),

8. Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006),

9. Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007),

10. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007),

11. Тагаев Айтибай (2008-2009),

12. Курманов Зайнидин (2009 -2010)

13. Келдибеков Акматбек (2010-2011)

14. Жээнбеков Асылбек (2011-2016)

15. Турсунбеков Чыныбай Акунович (2016-2017)

16. Жумабеков Дастан Артисбекович (2017-2020)

17. Мыктыбек Абдылдаев (2020),

18. Мирлан Бакиров (2020),

19. Канат Исаев (2020),

20. Талант Мамытов (2020 )

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости