www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Улуттук илимдер академиясынын саясый изилдөөлөр жана экспертиза борбору “2020-жылдын октябры: өбөлгөлөр жана факторлор” деген темадагы илимий-практикалык конференция уюштурган. Материалдын негизи ошол конференциядагы докладда чагылдырылган. Бул жерде аны айрым кыскартуулар менен бердик.

Улуу октябрь социалисттик революциясына чейин кыргыздар жамаатташып жашаган. Жамаат бир адамга баш ийген. Ошонун айткан-дегени менен болгон. Улуу октябрь социалисттик революциясы кыргыздарды эл катары сактап эле калбастан, жаңы башкаруу системасы кыргыздарга майдай-сүттөй жаккан. Анткени бул биздин менталдык табиятыбызга туура келген. Айталы, бригадир, башкарма дегендердин айткан-дегени менен эле жашаганбыз. Бирөө мал карайт, бирөө арык казат, бирөө тоют даярдайт ж.б. дегендей. Бизге башка нерсе тууралуу ойлонуунун да зарылдыгы жок болгон, аны ошол “чоңдор” ойлонгон, ошолор чечкен. Бул бизде эле эмес, бардык СССР боюнча ошондой болгон.

Ошондуктан Сталин кайтыш болгондо “эми бизди ким багат?” деп эл ыйлаган да. Ошондой эле, СССР тарап, колхоз-совхоз жоюлганда, айылдарда эл мурдагыдай “сен тигини, сен муну кыл, кой-ай” деген бригадир, башкарма жок болгондуктан, дүкөндөрдүн жанында эле тегеренип жүрүп калбадыкпы. Мындай абал ар башка республикада ар кандай болду.

Ал эми Балтика боюндагы республикалар СССРге кошулганда, алар өз тарыхында артка кайткандай болгон, ошондуктан СССР жоюлаары менен шак эле жеке чарбага, фермердик чарбага, рынок экономикасына бат эле өтүп кетишти. Биз болсо он жылга жакын эмне кылаарды билбей жүрүп калдык. Акаевдин “өсөбүз, гүлдөйбүз” деген кооз сөздөрү куру чакырык болду. Кыргыз интеллигенциясы жөн эле эгемендиктин эйфориясында жүрдүк. Бул кезде коңшулар (Казакстан, Өзбекстан) чек араларын зым менен тосуп, эртеңки күндүн экономикалык пайдубалын бекемдей баштады.

Жыйынтыгында, алар трактордон самолетко чейин чыгарчу ишканаларды ачышты. Ал эми биздечи? Биз элдин өз алдынча ойлонуп, эркин сүйлөшүнө, эркин аракет кылышына жол ачтык. Аймактарыбыз Өзбекстан менен Казакстандын айылдарындагы элге караганда бакубат жашайт. Бирок эркин сүйлөп, эркин жүргөн элибиз жыйырма жылдай президенттик эле бийликте жашадык да. Бир канча жолу оңдолгон конституцияларыбызда президент “тигинтет-минтет” деген мене,н иш жүзүндө баардык бийлик президенттерде эле болгон. Бала-чакасы, аялы, инилери, шопуру, жансакчысылары эле бийлеп калат экен. Андан кийин “жок, бул болбойт, бир адам бийликти топтоп албастан, бизге парламенттик башкаруу жарашат экен” деп ушул эле отургандарыбыз айтып-деп, колдоп, жазып чыкпадыкпы.

“Кокту-колоттук психологиядан кутулабыз”, “ар ким өз короосунан кочкор салат деген жоголот”, “эми республикага башы көрүнгөн инсандарды шайлайбыз” деп жазбадыкпы. Бирок мында да бир канча жагдайларды эске алган эмес экенбиз, бул партлидерлердин бизнесине айланып кетти. Эми ушуну эле мыйзам аркылуу Конституциянын керектүү беренелерин оңдоп-түзөп кетсек болот эле. Бирок биз жаңы Конституция кабыл алып, Шаршенчесинен кайра башынан баштадык.

Эми баардыгы өттү-кетти, Кыргызстан жакшыбы-жаманбы мыйзамдуубу же мыйзамды бузуп бийликти басып алдыкпы – азыр сөз анда эмес. Деги эле 2020-жылдын октябрындагы төңкөрүш элдикпи, же 4-5 миң тандалма адамдын эле тартипсиздигиби, же айрымдар “илимий жагынан” негиздеп жаткан революциябы? Болбосо, Кыргызстандын 6,5 млн калкы колдоп чыккан жалпы элдик козголоңбу? Деги эле бул эмне болду? Биз мейли, эмне деп атабайлы, негизги бааны тарых берет. Мына Октябрь социалисттик революциясы тууралуу чыныгы фактыларды 100 жылдан кийин билип жатпайбызбы!

Азыр дагы Октябрь социалисттик революциясы тууралуу - бир тарабы анын ийгиликтерин мактаса, экинчи тарабы “тарыхтын табигый өсүшү бузулган, эгерде революция болбосо, Россияда да Англия, Германиядагыдай эле падышасы бар, аткаруу бийлиги бар сонун өнүккөн мамлект болмокпуз” дешет. Ошондуктан, өткөн жылдын октябрында болгон окуянын бир жылдыгына карата “ал кандай болгон” деп талашып отуруунун ордуна болоору болду, эми мындан аркысын ойлонбойлубу. Ал тууралуу ар башка кооз сөздөрдү айтып, андан кандайдыр бир “теория” жаратуу түккө турбаган нерсе.

Үч жолу антиконституциялык жол менен бийлик алмашты, эми төтүнчүсүн болтурбаш үчүн жапатырмак киришип, жалпы эл шайлаган президенттин тегерегине тыгыз баш кошуп, өлкөбүздү алдыга жылдырбайлыбы. Улам эле бийлик алмаша берип, улам жаңы адамдар бийликке келип, аларды алыскы эмес, жакынкы кошуналар да олуттуу кабыл албай жатпайбы. Мындан 3-4 жыл мурун Ташкенде бир чоң илимий форумдун официалдуу эмес учурунда бир коллегабыз “сиздердин мурдагы президентиңиздер Атамбаев байлатма жинди болгон экен да, сиздер байкабай шайлап алган экенсиздер да” деп жанды кашайтып жатпайбы. Мен өмүрүмдө Атамбаевди жактаган эмесмин, бирок Ташкенде кызыл чеке болуп, аны жакташка туура келди.

Демек, Кыргызстандын президентинин аброю – бул мамлекеттин аброю гана эмес, анын ыйык символу, анын имиджи. Ошондуктан келгиле, практикалык жактан президентке кантип жардам беребиз, б.а. мамлекетибизди кантип алдыга жылдырабыз, биз теңибизге албаган тажиктер менен түркмөндөрдөн жардам, инвестиция күтпөй, өзүбүз аракеттенели. Отуз жылдан бери биз сүйлөйбүз, талашып-тартышабыз, акыл-насаат айтабыз, бирок, негедир алдыга жылбай койдук.

Ал үчүн биринчи кезекте, Кыргызстандагы баардык күчтөрдү бириктирели. “Алар оппозиция”, “тигилер душмандар”, “алар бизге каршы” ж.б. ушундай болбогон нерселерди токтотолу. Биз мына ушул шартта тарыхый тагдыры окшош Казакстан менен Өзбекстандан, кала берсе, Орусиянын тажрыйбасынан үйрөнбөйлүбү? Бизге жакын тууган, менталдык жагы да окшош Назарбаев мамлекетиндеги баардык интеллектуалдардын башын бириктирип, жылына бир чоң чакырык менен казактардын духун көтөрүп турду. Аны менен эртеңки күнгө ишеним берип келди.

Жөнөкөй эле бир мисал. Эмне, борборду Алматыдан Астанага көчүрүүнү өзү ойлоп таптыбы? Жок, аны биз билебиз да. Демек, “жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” дегендей болду да. Эмне үчүн буларды айтып жатам? Анткени, биз отуз жылдык өз тарыхыбыздан жана региондогу ушундай процесстерден сабак алсак деген эле максат. Болбосо 5-6 миң адам чогула калып эле, өкмөт үйүн талкалап кирип, бийликти алмаштыра берип дүйнөгө күлкү, шылдың болуп бүттүк. Эми “революция, төңкөрүш” сыяктуу башаламандыктардын лимити деле бүттү го.

Азыркы бийлик элди ошого жеткирбеш үчүн ноябрда өтө турган шайлоону таза, кынтыксыз өткөрүү керек. Бирок азыр эле интернет айдыңында жана башка маалымат булактарында “бул президенттики, тиги Ташиевдики”, “мен президент менен өтө жакынмын, ошондуктан министрликти таштап, депутаттыкка баратам” деген сыяктуу кабарлар толтура кездешип жатат. Демек, “калк айтса, калп айтпайт”. Президент ар бир сөзүндө “шайлоону таза өткөрөм, ага менде эрк жетет” деп айтууда. Бирок анын айткандарын айрымдар “балп” эткизип жокко чыгарып жатпайбы.

Азыр Садыр Нургожоевичте уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Мурдагы президенттердин биринде да мындай бийлик, мындай мүмкүнчүлүк жок эле. Азыр Кыргызстанда куурайдын башы да президенттин амирисиз кыймылдабайт. Жаңы Конституциянын 6-беренесинде “президент Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт”. 89-беренесинде “президент министрлер кабинетинин жыйналыштарына төрагалык кылат” деп жазылып турат. Мурдагы президенттер улам бир премьер-министрди алмаштырып, баардык кемчиликтерди ошого оодарып коюп, суудан кургак чыгып кетет эле.

Азыркы президентте андай шанс жок. Ошондуктан биз баарыбыз бирдикте элибиздин эртеңки күнүнө болгон ишенимин пайда кылалы, анын жолдорун издейли, президентке конкреттүү сунуштарды берели. Отуз жылдын ичинде ондогон, жүздөгөн, миңдеген документ кабыл алынды. Алар ошол кагаз бойдон эле калды. Элге жеткен жок, эл билбей деле калды. Анын себеби, бийликтин бир адамдын колунда эместиги, көзөмөлдүн жоктугу деп келебиз. Мына эми эбегейсиз бийлик бир адамдын колуна топтолду.

Эми ошол бийликти пайдаланып, турмуш тиричилигибизди оңдоп кетеби, же баягы эле таз кейпибизди кийебизби? Кеп ошондо! Кыргыз коому акыркы отуз жыл ичинде Исхак Раззаковдой, жок эле дегенде 10-15 жылдай алдын ала улутту бириктирген, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, таза, чынчыл, ак ниет, адилет, региондорго бөлбөгөн, баардыгына тегиз караган, кадрларды туура тандаган, элдин мүдөөсүнө төп келе турган чечимдерди кабыл алган өз баатырын күтүп келет. Жакшылыктан үмүт үзбөйлү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости