www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кафе жана ресторандарда тамеки тартууга тыюу салынды. Биз алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынган учурду жашап өткөнбүз, анын жыйынтыгы эмне болгонун да жакшы билебиз, жумшак айтканда, тыйынга татыбай калды. Тамеки тартуу менен калп эле күрөшүмүш болуп жаткандар бул жолу ашыкча кетти, терең ойлонулбай жасалган кадамдын кесепети көп болчу эле.

Мен 40 жылдан бери тамеки тартам, калп күрөшүүчүлөрдү көптөн бери байкап жүрөм, мисалы, 10 жылдан ашуун убакыттан бери алар тамекинин кутусуна ар кандай жүрөк түшүргөн сүрөттөрдү чаптап чыгарып жатышат. Ошол эле убакта мен бүткүл дүйнөдө так ушул тамеки чакырган оорулардын сүрөтүн карап эле тамеки тартууну таштап салган бир дагы адамды уга элекмин.

Биз, тамеки тартуучулар, инсулинге муктаж диабет менен ооругандар сыяктуу эле оорукчан адамдарбыз, бизге никотин керек. Бул медициналык маселе жана бизге дагы никотиндик маселеси бар адам катары гумандуу мамиле керек. Кофенин деле зыяны көп, келгиле, анда кафе жана ресторандарда кофе ичүүгө тыюу салабыз. Картошка-фринин зыянын да баары билет, ошондуктан аны да жегенге тыюу салуу шарт. Спирттик ичимдиктер тамекиге караганда бир топ зыяндуу, анда эмнеге ага тыюу салынбайт?

Анда көмүр менен үй жылытууну да токтотолу, анткени андан чыккан түтүн атайын жайларда тартылган тамекинин жытына караганда ден соолукту бузуп жатпайбы. Эмнеге “узун сакал-муруттарды өстүрбөгүлө” деп айтпайбыз? Мынча болду, кыска юбка кийүүгө да тыюу салалы.

Мен бардык рангдагы депутаттарды сыйлайм, алар чындыгында өзгөчө, таланттуу адамдар, бирок бул жолу “кечирип койгула, эл өкүлдөрү, эмне кылып койдуңар!” деп “чимкиргиң” келет...

Булак: Азия News гезити

Последние новости