www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмир Чукуевдин абактагы мөөнөтү узартылды

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуевдин абактагы мөөнөтү 6-августка чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарган. Бул тууралуу анын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Эмир Чукуев февраль айында кармалган. Андан бери аны менен бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөн эмес. Тергөө учурунда келтирилген чыгымдын көлөмү дагы аныкталган эмес.

Эске салсак, Чукуев Түркиянын «Gata hava yollari ve taşımacılık» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз бергендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген деп шектелүүдө.

8-февралда Чукуевдин баш коргоо чарасы Ленин райондук сотунда каралып, ал 6-апрелге чейин СИЗО-1ге камакка алынган.

Эмир Чукуев «Манас» аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости